00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тамак ооруда эмне кылуу керек. Кыргызстандык ЛОР дарыгердин кеңештери

© Фото / Pexels/ Karolina GrabowskaТамагына дары сээп жаткан аял. Архив
Тамагына дары сээп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Жазылуу
Адис тамак жана мурун чайкай турчу айрым аралашмаларды үйдөн жасап колдонсо болорун айтып берди.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Коронавирус жана башка вирустук инфекциялар күчөп жатканына байланыштуу Республикалык штаб кулак-мурун дарыгеринин (ЛОР) сунуштамалары менен бөлүштү.
Биринчиден, антибиотиктер менен дарыланбай, оорунун белгилерине жараша дары колдонуу керектиги эскертилди.
"Мисалы, мурун бүтсө туздун аралашмасы менен жууш керек. Тамакка сода аралашмасын, чөптөрдүн кайнатмаларын (календула, ромашка) колдонууга болот. Ал үчүн бир аш кашык чөпкө бир стакан кайнак суу куюп демдеп, 5-10 мүнөттөн кийин чыпкалап, жылуу аралашма менен күнүнө 3-4 жолу тамакты чайкап туруу керек. Кайнатмаларды алмак-салмак пайдаланбаш керек. Колдонор алдында чөптүн жарактуулук мезгилин сөзсүз караңыз. Ошондой эле фурацилин менен чайкоого болот", — деп жазылган сунуштамада.
Тамак кургап, кычышып, жуткурбай жатса ооруну басуучу таблеткаларды же спрейлерди колдонуу керек. Бирок сөзсүз түрдө дарыгердин кеңешин алыңыз.
"Омикрондо" муундар катуу ооруй турганы белгиленет. Интоксикация, тагыраагы, дененин ууланышы узакка созулат, кээде бул антибиотиктерди ичүүгө байланыштуу. Эгерде дене табы бир нече күн бою түшпөсө, абал начарласа, дароо дарыгерге кайрылып, туура дарылоону баштоо керек.
Ошондой эле суюктукту көп ичүү зарыл. Бир килограмм салмакка 30 миллилитр суу туура келет. Бирок ооруп жаткан тамакты жабыркатып албаш үчүн өтө ысык ичпеңиз.
Мындан сырткары, ооруганда жатпаш керек. Кыймыл аз кезде организм оору менен күрөшө албайт.
Коронавирусту, анын жаңы "омикрон" штаммын жана башка инфекцияларды алдын алуу үчүн маска тагынып, колду таза жууп, аралыкты сактап жана эмдөөдөн өтүү керектиги кошумчаланды.
Вакцина алып жаткан кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Вакцина бойдон түшүрүү коркунучун жогорулатабы? Адистердин түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0