00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Үй алам деп сүйүнгөм". Ошто студенттерден пара алган деканга соттун өкүмү чыкты

© Фото / пресс-служба ГКНБСтуденттерден пара алууга шектелген Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын деканы Гүлмира Эркулова
Студенттерден пара алууга шектелген Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын деканы Гүлмира Эркулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Жазылуу
Күнөөлүү деп табылган декан Ош шаардык сотунун чечимине нааразы экендигин билдирип, апелляциялык арыз менен Ош облустук сотуна кайрылды.
ОШ, 27-янв. – Sputnik. Ош шаардык соту студенттерден пара алууга шектелген Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын деканы Гүлмира Эркулованы күнөөлүү деп таап, 400 миң сом айып салды. Бул маалыматты укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
Сот Эркулованы Жазык кодексинин (2017-ж.) 320-беренесинин ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") 2-бөлүгү жана Кылмыш-жаза кодексинин (2021-ж.) 251-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп тапкан.
Ал эми бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылып (үй камагы), өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аны жокко чыгаруу көрсөтүлгөн. Бирок айыпталуучу шаардык соттун чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылганы айтылды.
Маалыматка караганда, сот Эркуловага жазанын түрүн жана анын өлчөмүн белгилөөдө мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбагандыгын, жаш курагын, үй-бүлөлүк шартын, ден соолугун эске алган. Ал эми кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганын оор жагдай катары эске алып, айып пул салуу түрүндө жазалоону туура тапкан.
Токтомдо буюм далил катары алынган 1 200 АКШ долларын жана 3 220 сомду өкүм күчүнө киргенден кийин мамлекеттин пайдасына конфискациялоо каралган.
Эске салсак, 2021-жылдын 18-июнунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаардык жана облустук башкармалыгы тарабынан жашыруун тартылган видео жарыяланган. Анда декан бир нече адамдан акча алып жатканы чагылдырылган.
УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси боюнча ("Пара алуу") сотко чейинки өндүрүштүн алкагында текшерүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экени аныкталган. Видеодон аял ар бир студенттен 100 доллардан алса 60 миң доллар таап, үй аларын айтып жатканын угууга болот. Шектүү УКМКнын тергөө абагына 48 саатка камакка алынган. Андан соң Ош шаардык соту 54 жаштагы аялдын кант диабети менен ооругандыгын, жалгыз бой эне экендигин жана жашы жете элек балдары бар экенин эске алып үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.
Жалал-Абаддын Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси М.Э.С. пара алып жаткан жеринен кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021
Сузакта жөлөк пулдун кагаздарын бүтүрүү үчүн пара алган кызматкер кармалды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0