00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөгөн башкармалык түзүлдү. Милдеттери

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол куруу. Архив
Жол куруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Жазылуу
Башкармалык жакында эле түзүлгөн. Ведомство техникалык регламенттердин сакталышына басым жасайт.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөө жана күзөтүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова ведомствонун милдеттери боюнча айтып берди.
© Sputnik / Жоомарт УраимовТранспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөө жана күзөтүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова
Начальник УКНДТБ Гулсада Ибраимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөө жана күзөтүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингге катышкан.
Алгач сөздү министрликтин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов алды. Анын айтымында, бул башкармалык жакында эле түзүлгөн.
"Биздин башкармалыктын негизги милдети — ЕАЭБ талап кылган техникалык регламенттердин бузулушун алдын алуу жана токтотуу. Кыргызстан боюнча 50гө жакын техрегламент бар, анын сегизи Транспорт министрлигине бекитилген", — деди Ибраимова.
Жетекчинин айтымында, бул регламенттер жолдогу коопсуздукка, дөңгөлөк менен жүргөн транспортторго, темир жол транспортуна, айыл чарба техникаларына, кемелерге жана инфраструктуранын бир катар түрлөрүнө тиешелүү. Адис белгилегендей, техникалык регламент — бул продукцияга коюлган талаптар жазылган документ. Ал элдин ден соолугун жана мүлкүн коргоо үчүн керек.
Мындан тышкары, Ибраимова башкармалык суу транспортторуна дагы техникалык көзөмөл жүргүзөрүн айтты. Реестрде 500гө жакын суу транспорту бар жана алар жыл сайын текшерүүдөн өткөрүлүп турушу керек.
Транспорт министрлигинин маалымат кызматы башкармалыктын башка дагы функцияларын санап берди:
Жалпы колдонуу үчүн жаңы салынып жаткан, оңдолуп жаткан жана эксплуатацияга берилип жаткан автоунаа жолдоруна көзөмөл кылуу;
Министрликтин компетенциясына жараша ЕАЭБдин техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү жана алымча-кошумчаларды киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
Өзүнүн милдеттери боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун министрлер кабинетинин кароосуна жөнөтүү.
Бишкектеги электромобилдерди кубаттоочу станциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу станциялар ачылды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0