https://sputnik.kg/20220128/zhabyrkagandardyn-sany-11-kishige-zhetti-1061617911.html
Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 11ге жетти. Баары аскер адамдары
Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 11ге жетти. Баары аскер адамдары
Sputnik Кыргызстан
Жапа чеккендердин баары облустук ооруканада, тиешелүү жардам алышууда. 28.01.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-01-28T08:39+0600
2022-01-28T08:39+0600
2022-01-28T09:43+0600
кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
кыргызстан
окуялар
тажикстан
жаңжал
атышуу
чек ара
https://sputnik.kg/img/103547/18/1035471831_0:244:3077:1974_1920x0_80_0_0_dd4d34944fb0a24dab11f88b36be4a74.jpg
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 11 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.Маалыматта жапа чеккендердин баары Баткен облустук бириктирилген ооруканага жеткирилгени айтылат.Sputnik Тажикстан ортодо чыккан чырдан улам болжолдуу маалымат боюнча 17 киши ооруканага жеткирилгенин жазган. Бул 28-январга караган түнү алынган маалымат.Чек арадагы жаңжалдын чоо-жайыЧек ара кызматынын маалыматына караганда, 27-январь күнү саат 17:50лөр чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу унаага таш жүктөп келишкен. Алар таштарды Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жабышкан жана Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганын белгиледи.Алардын миномёт колдонушу чек ара аскерлеринин штаттык комплектисине кирбейт. Бул Тажикстандын Чек ара кызматы Куралдуу күчтөрдүн күчүн жана каражаттарын колдонгонун көрсөтүп турары кошумчаланды.Ал эми тажик тарап Сомониён айылынан жамаат Чоркухка бара жаткан тажикстандыктардын машинасын таш менен ургулашкандыктан чуу чыкканын айтууда.
https://sputnik.kg/20220128/sadyr-zhaparov-kyrgyz-tazhik-chek-ara-un-katty-1061616205.html
тажикстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103547/18/1035471831_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_cf56dbc7703900bdcedb8e045cfd2656.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, окуялар, тажикстан, жаңжал, атышуу, чек ара
кыргызстан, окуялар, тажикстан, жаңжал, атышуу, чек ара
Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 11ге жетти. Баары аскер адамдары
08:39 28.01.2022 (Жаңыртылды: 09:43 28.01.2022) Жапа чеккендердин баары облустук ооруканада, тиешелүү жардам алышууда.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 11 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматта жапа чеккендердин баары Баткен облустук бириктирилген ооруканага жеткирилгени айтылат.
"Жаңжалдан жабыркаган 11 кишинин баары аскер адамдары, жай тургундар жок. Жалпы жонунан абалдары орто оордукта деп бааланууда", — деди министрликтен.
Sputnik Тажикстан ортодо чыккан чырдан улам болжолдуу маалымат боюнча 17 киши ооруканага жеткирилгенин жазган. Бул 28-январга караган түнү алынган маалымат.
Чек арадагы жаңжалдын чоо-жайы
Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 27-январь күнү саат 17:50лөр чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу унаага таш жүктөп келишкен. Алар таштарды Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жабышкан жана Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганын белгиледи.
Алардын миномёт колдонушу чек ара аскерлеринин штаттык комплектисине кирбейт. Бул Тажикстандын Чек ара кызматы Куралдуу күчтөрдүн күчүн жана каражаттарын колдонгонун көрсөтүп турары кошумчаланды.
Ал эми тажик тарап Сомониён айылынан жамаат Чоркухка бара жаткан тажикстандыктардын машинасын таш менен ургулашкандыктан чуу чыкканын айтууда.