https://sputnik.kg/20220130/aba-yrajyna-bozhomol-1061659214.html
Кар жаайбы? Кийинки жумага карата аба ырайы
Кар жаайбы? Кийинки жумага карата аба ырайы
Sputnik Кыргызстан
Февралдын башында кар кээ бир аймактарга эле жаабаса, башкаларына бир жума бою түшпөйт. 30.01.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-01-30T10:24+0600
2022-01-30T10:24+0600
2022-01-30T10:24+0600
кыргызстан
кыргызгидромет
аба ырайы
апта
божомол
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1d/1050941243_4:0:3645:2048_1920x0_80_0_0_b96de8c59a05a72b68c3ee8f6d6983b7.jpg
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу боюнча маалымат берди.Ага ылайык, келе жаткан аптада кар кээ бир аймактарга эле жаабаса, башкаларына бир жума бою түшпөйт. Бишкекке дагы 31-январдан тарта апта ичи кар жаабай турганы айтылды.Чүй облусуБул аймакта 30-январь жана 3-февралда кар жаашы ыктымал. Калган күндөрү жаан-чачын болбойт. Тоолуу жерлерде жол тайгак болору күтүлүүдө. Ал эми Таласта бир жума бою кар жаабай турганы айтылды.Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарыОшто апта ичи кар жаабайт. Ал эми Жалал-Абад менен Баткенде 3-февралда кээ бир райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт.Нарын, Ысык-Көл облустарыАпта ичинде Ысык-Көлдө 3-4-февраль күндөрү гана күндүн көзү бузулуп, кар жаашы мүмкүн. Башка күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Нарында кар жаабайт, бирок суук болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
https://sputnik.kg/20220129/bishkek-osh-unaa-zholu-aba-yrajy-ehskertuu-1061651125.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1d/1050941243_504:0:3235:2048_1920x0_80_0_0_fad717e01ce9978e8eb11cd24a6f98de.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кыргызгидромет, аба ырайы, апта, божомол
кыргызстан, кыргызгидромет, аба ырайы, апта, божомол
Кар жаайбы? Кийинки жумага карата аба ырайы
Февралдын башында кар кээ бир аймактарга эле жаабаса, башкаларына бир жума бою түшпөйт.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, келе жаткан аптада кар кээ бир аймактарга эле жаабаса, башкаларына бир жума бою түшпөйт. Бишкекке дагы 31-январдан тарта апта ичи кар жаабай турганы айтылды.
Бул аймакта 30-январь жана 3-февралда кар жаашы ыктымал. Калган күндөрү жаан-чачын болбойт. Тоолуу жерлерде жол тайгак болору күтүлүүдө. Ал эми Таласта бир жума бою кар жаабай турганы айтылды.
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары
Ошто апта ичи кар жаабайт. Ал эми Жалал-Абад менен Баткенде 3-февралда кээ бир райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт.
Нарын, Ысык-Көл облустары
Апта ичинде Ысык-Көлдө 3-4-февраль күндөрү гана күндүн көзү бузулуп, кар жаашы мүмкүн. Башка күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Нарында кар жаабайт, бирок суук болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.