Сагынбаев: "Джундадан" түшкөн салыкты 10 миллиард сомго жеткирсе болот
Жазылуу
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Жыргалбек Сагынбаев күйүүчү майдын наркына таасир этүү үчүн бул тармактагы өндүрүштү жолго салуу керектигин белгиледи.
Өлкөдөгү нефть иштетүүчү заводдорду 2023-жылдын соңуна чейин модернизациялоо зарыл. Мындай билдирүүнү Жыргалбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып жасады.
Сагынбаев: "Джундадан" түшкөн салыкты 10 миллиард сомго жеткирсе болот
Анын айтымында, заводдор модернизациялангандан кийин күйүүчү майдын сапаты жогорулайт.
"Учурда өлкөдөгү 11 нефть иштетүүчү завод бар. Анын жетөө иштеп жатат, бирок толук кандуу эмес. Ошондуктан өндүрүштү жолго салуу зарыл. Эгерде нефтини иштетүүчү заводдор толук кандуу иштесе, күйүүчү майды арзандатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Азыркы тапта 50 миң тонна нефтинин чийки затын Россиядан алуу боюнча келишимге кол коюлду. Албетте, РФ Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү. Бирок чийки затты башка мамлекеттерден алып келип, бул жактан иштеткенге аракет кылуу керек. "Джунда" жылына беш миллиард сомдой салык төлөп келген. Эгерде аны чийки зат менен камсыздоо боюнча иш алып барылса, 10 миллиард сомго чейин жеткирсе болот. Мындан тышкары, 2023-жылдын соңуна чейин 11 нефть иштетүүчү завод модернизацияланышы абзел. Ансыз мурда салынган заводдорго татаал болуп калат. Ошондуктан бул долбоорду ишке ашыруу үчүн өкмөт арзандатылган насыя менен камсыздоо маселесин карап көрүшү керек. Себеби ал заводдорду модернизациялоо абдан кымбат долбоор болуп саналат. Натыйжада заводдор К2, К3 классындагы эмес, К4, К5 классындагы май менен камсыздайт. Анткени өкмөт буга өтүү боюнча келишимдерге кол коюп, милдеттенме алган", — деди Сагынбаев.
Ошондой эле ал нефть өндүрүшү жолго коюлса жумуш орундары түзүлүп, бюджетке түшкөн каражаттын көлөмү өсө турганын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: