https://sputnik.kg/20220202/kyrgyzstan-rehket-bulling-mektep-1061743909.html
Педагог мектептерде рэкетчилик токтоп, башка көйгөй пайда болгонун айтты
Педагог мектептерде рэкетчилик токтоп, башка көйгөй пайда болгонун айтты
Sputnik Кыргызстан
Мугалимдин айтымында, учурда окуучулар бири-биринен акча талап кылбайт. Бүгүнкү мектептерде "бийлик" түшүнүгү бар. 02.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-02T16:26+0600
2022-02-02T16:26+0600
2022-02-02T16:26+0600
пресс-борбор
кыргызстан
мектеп
мугалим
көйгөй
окуучу
буллинг
https://sputnik.kg/img/07e6/02/02/1061741713_0:159:3076:1889_1920x0_80_0_0_d79ab59f4fe817073e784f366d393331.jpg
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Мектепте рэкетчиликтин орду эмне менен алмашканын № 24 орто мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Лариса Купавцева айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Мектептердеги чатактар: мугалим менен балдарды кантип коргоо керек?" аттуу тегерек столго катышты.Мугалимдин айтымында, учурда окуучулар башка көйгөйгө кабыла баштады.Анын айтымында, жакында эле 5-класстан тарта 8-класска чейин камтыган "системанын" бети ачылган."Окуучулар айткандай, 8-класстар жетилерди, жетилер алтыларды, алтылар бештерди кысымга алышат экен. 5-класстын окуучусу 8-класста окуган агасына айтат дагы, ал 6-класстын окуучусуна тиш кайрап келет. Акча талап кылган учур кетти. Бирок мектеп ичинде бийлик пайда болду", — деди Купавцева.Анын айтымында, мындай учурда көбүнесе ата-энелер туура чечим кабыл алууну билбейт. Тагыраагы, күнөөлүү балдардын ата-энеси аны эч качан мойнуна алгысы келбейт.
https://sputnik.kg/20220202/mugadim-abal-teksheruu-mektep-1061744043.html
https://sputnik.kg/20220202/mektepterdin-ajlanasy-tosulat-1061729282.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/02/1061741713_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_001fdb96729e89cb93b385a6fcf99421.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мектеп, мугалим, көйгөй, окуучу, буллинг
кыргызстан, мектеп, мугалим, көйгөй, окуучу, буллинг
Педагог мектептерде рэкетчилик токтоп, башка көйгөй пайда болгонун айтты
Мугалимдин айтымында, учурда окуучулар бири-биринен акча талап кылбайт. Бүгүнкү мектептерде "бийлик" түшүнүгү бар.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Мектепте рэкетчиликтин орду эмне менен алмашканын № 24 орто мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Лариса Купавцева айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин
мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Мектептердеги чатактар: мугалим менен балдарды кантип коргоо керек?" аттуу тегерек столго катышты.
Мугалимдин айтымында, учурда окуучулар башка көйгөйгө кабыла баштады.
"Качандыр бир кезде мектепке рэкетчилик күч алган. Учурда буллинг көйгөйү кездешүүдө. Мисалы, кара күчү көбүрөөк, эмоционалдык жактан туруктуураак балдар бар. Ошол эле учурда жакшы окуган, үйүндө эч көйгөй жок, бирок бир аз алсызыраак окуучулар дагы жок эмес. Күчтүүлөрү келип "бизде ушундай "лидер" бар. Эгер анын талабына баш ийбесең, аны менен сүйлөшүүгө туура келет" дешет", — деди педагог.
Анын айтымында, жакында эле 5-класстан тарта 8-класска чейин камтыган "системанын" бети ачылган.
"Окуучулар айткандай, 8-класстар жетилерди, жетилер алтыларды, алтылар бештерди кысымга алышат экен. 5-класстын окуучусу 8-класста окуган агасына айтат дагы, ал 6-класстын окуучусуна тиш кайрап келет. Акча талап кылган учур кетти. Бирок мектеп ичинде бийлик пайда болду", — деди Купавцева.
Анын айтымында, мындай учурда көбүнесе ата-энелер туура чечим кабыл алууну билбейт. Тагыраагы, күнөөлүү балдардын ата-энеси аны эч качан мойнуна алгысы келбейт.