https://sputnik.kg/20220202/kyzyn-ayununun-kapasyna-yrgytkan-ayal-ooruluu-1061724127.html
Ташкентте кызын аюунун капасына ыргыткан аял тууралуу маалымат берилди
Ташкентте кызын аюунун капасына ыргыткан аял тууралуу маалымат берилди
Sputnik Кыргызстан
Азыркы учурда бөбөк ооруканада жатат, абалы туруктуу деп бааланууда. 02.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-02T00:08+0600
2022-02-02T00:08+0600
2022-02-02T09:20+0600
өзбекстан
дүйнөдө
окуялар
зоопарк
аюу
оорулуу
аял
https://sputnik.kg/img/07e6/02/01/1061724011_0:103:3108:1851_1920x0_80_0_0_65fc8aa9ab68351dd2b10909ce3119e0.jpg
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Ташкентте үч жашар кызын аюунун капасына ыргытып жиберген аял психоневрологиялык диспансердин каттоосунда турган. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалымат катчысы билдирди.Ал өткөн жылдын июль айында эле каттоого алынганы белгиленет.Тергөөчүлөр аялдын окуя болгон учурдагы абалын аныктоо үчүн психиатриялык экспертиза дайындаган.Азыркы учурда бөбөк ооруканада жатат, абалы туруктуу деп бааланууда.Өзбекстандын мамлекеттик органдарынын маалыматына ылайык, аял 31 жашта, борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштейт. Анын кызынан башка дагы бир баласы бар. Аял балдары менен атасынын үйүндө жашайт. Күйөөсү таштап Россияга кетип калгандыктан депрессияда жүргөнү айтылат. Жубайлар ажырашуу алдында турган.Белгилей кетсек, Ташкенттеги зоопаркка келген аял үч жашар кызын капастагы аюунун жанына таштап жиберген. Көп өтпөй зоопарк кызматкерлери чуркап келип бөбөктү көтөрүп чыккан. Дарыгерлердин айтымында, беш метрлик бийиктиктен кулаган бөбөк башынан жаракат алып, мээси чайкалган. Дарылануу акысын зоопарк өз мойнуна алганы маалым болду.Ал эми аны ыргыткан аялга "өлтүрүүгө аракет кылган" деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон.Кавказдын күрөң аюусу Зузуну 2017-жылы Ташкентке Баку зоопаркынан алып келген. Зоопарктын кызматкерлери жаныбарды сүйүп, аяп карагандыктан ал агрессивдүү кадамга барбаганы айтылат.
https://sputnik.kg/20210820/alligator-uyrotuuchu-kol-saluu-koruuchu-zoopark-1053609277.html
өзбекстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/01/1061724011_188:0:2919:2048_1920x0_80_0_0_f8a89e81afaf857152aac7a7f3cda4e2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
өзбекстан, дүйнөдө, окуялар, зоопарк, аюу, оорулуу, аял
өзбекстан, дүйнөдө, окуялар, зоопарк, аюу, оорулуу, аял
Ташкентте кызын аюунун капасына ыргыткан аял тууралуу маалымат берилди
00:08 02.02.2022 (Жаңыртылды: 09:20 02.02.2022) Азыркы учурда бөбөк ооруканада жатат, абалы туруктуу деп бааланууда.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Ташкентте үч жашар кызын аюунун капасына ыргытып жиберген аял психоневрологиялык диспансердин каттоосунда турган. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалымат катчысы
билдирди.
Ал өткөн жылдын июль айында эле каттоого алынганы белгиленет.
Тергөөчүлөр аялдын окуя болгон учурдагы абалын аныктоо үчүн психиатриялык экспертиза дайындаган.
Азыркы учурда бөбөк ооруканада жатат, абалы туруктуу деп бааланууда.
Өзбекстандын мамлекеттик органдарынын маалыматына ылайык, аял 31 жашта, борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштейт. Анын кызынан башка дагы бир баласы бар. Аял балдары менен атасынын үйүндө жашайт. Күйөөсү таштап Россияга кетип калгандыктан депрессияда жүргөнү айтылат. Жубайлар ажырашуу алдында турган.
Белгилей кетсек, Ташкенттеги зоопаркка келген аял үч жашар кызын капастагы
аюунун жанына таштап жиберген. Көп өтпөй зоопарк кызматкерлери чуркап келип бөбөктү көтөрүп чыккан. Дарыгерлердин айтымында, беш метрлик бийиктиктен кулаган бөбөк башынан жаракат алып, мээси чайкалган. Дарылануу акысын зоопарк өз мойнуна алганы маалым болду.
Ал эми аны ыргыткан аялга "өлтүрүүгө аракет кылган" деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон.
Кавказдын күрөң аюусу Зузуну 2017-жылы Ташкентке Баку зоопаркынан алып келген. Зоопарктын кызматкерлери жаныбарды сүйүп, аяп карагандыктан ал агрессивдүү кадамга барбаганы айтылат.