https://sputnik.kg/20220207/kyrgyzstanda-tyyuu-salyngan-uyumdar-1061856648.html
Кыргызстанда тыюу салынган диний, экстремисттик 21 уюмдун тизмеси
Кыргызстанда тыюу салынган диний, экстремисттик 21 уюмдун тизмеси
Sputnik Кыргызстан
Эң акыркысы болуп 2017-жылдын 15-июнунда "Йакын-Инкар" уюмунун иштешине бөгөт коюлган. 07.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-07T13:04+0600
2022-02-07T13:04+0600
2022-02-07T13:06+0600
кыргызстан
тыюу салуу
диний экстремизм
уюм
террорчулук
https://sputnik.kg/img/102614/38/1026143844_0:208:2901:1840_1920x0_80_0_0_0ad34b0c5f3d3d8c6644d3e2754d9d24.jpg
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 21 диний, экстремисттик жана террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.Алар соттун чечими менен "кара тизмеге" киргизилген. Эң акыркысы болуп 2017-жылдын 15-июнунда "Йакын-Инкар" уюмунун иштешине бөгөт коюлган.Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын тизмеси:"Аль-Каида" — 2006-жылы 15-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;"Талибандар кыймылы" — 2006-жылы 15-сентябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюм деп эсептелген;"Чыгыш Түркстан ислам кыймылы" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм деп табылган;"Күрд элдик конгресси" ("Конгра-Гель") — 2008-жылы 11-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюмдардын катарына киргизилген;"Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм экени белгилүү болгон;"Хизбут-Тахрир-аль-Ислами" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен экстремисттик уюм деп табылган;"Жихад тобу" — 2008-жылдын 11-июнунда Биринчи май райондук соту террордук уюм деп тапкан;"Түркстан Ислам партиясы" ("Өзбекстан Ислам кыймылы") — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм катары таанылган;"Мун чиркөөсү" — 2012-жылы 22-февралда Свердлов райондук сотунун чечими менен өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;"Жайшуль Махди" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;"Жундь-аль Халифат" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соту ишмердүүлүгүнө тыюу салган;"Ансаруллох" (Ансарул Аллах) — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соттун чечими менен ишмердүүлүгүнө уруксат берилген эмес;"Ат-Такфир Валь-Хиджра" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соту ишмердүүлүгүнө тыюу салган;"Акромия" — 2014-жылы 14-мартта Биринчи май райондук сотунун чечими менен экстремисттик уюм катары табылып, ишмердүүлүгү токтотулган;"Саид Бурятскийдин (А.Тихомировдун) пропагандалык-үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү" — 2014-жылы 14-мартта Биринчи май райондук соту экстремисттик уюм деп тапкан;Ислам мамлекети (ИГИЛ, ДАИШ) — 2015-жылы 13-февралда Октябрь райондук сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;"Джабхат ан-Нусра" — 2015-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту террордук жана экстремисттик уюм деген чечим чыгарган;"Катибат аль-Имам аль-Бухари" ("Имама Бухаринин батальону") — 2015-жылы 13-майда Ош шаардык сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм деп табылган;"Жаннат Ошиклари" — 2015-жылы 13-майда Ош шаардык сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм экени аныкталган;"Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" — 2016-жылы 17-мартта Ош шаардык соту террордук уюм деген чечим чыгарган;"Йакын-Инкар" — 2017-жылы 15-июнда Октябрь райондук сотунун чечими менен республика аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.
https://sputnik.kg/20211101/polkovnik-mukashev-menen-maek-1054441598.html
https://sputnik.kg/20220102/iim-dinij-ehktremizmdi-aldyn-aluu-tuuraluu-1060905820.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102614/38/1026143844_85:0:2816:2048_1920x0_80_0_0_6509fed37d326a7acb8d703f43330fae.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, тыюу салуу, диний экстремизм, уюм, террорчулук
кыргызстан, тыюу салуу, диний экстремизм, уюм, террорчулук
Кыргызстанда тыюу салынган диний, экстремисттик 21 уюмдун тизмеси
13:04 07.02.2022 (Жаңыртылды: 13:06 07.02.2022) Эң акыркысы болуп 2017-жылдын 15-июнунда "Йакын-Инкар" уюмунун иштешине бөгөт коюлган.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 21 диний, экстремисттик жана террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Алар соттун чечими менен "кара тизмеге" киргизилген. Эң акыркысы болуп 2017-жылдын 15-июнунда "Йакын-Инкар" уюмунун иштешине бөгөт коюлган.
Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын тизмеси:
"Аль-Каида" — 2006-жылы 15-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
"Талибандар кыймылы" — 2006-жылы 15-сентябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюм деп эсептелген;
"Чыгыш Түркстан ислам кыймылы" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм деп табылган;
"Күрд элдик конгресси" ("Конгра-Гель") — 2008-жылы 11-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюмдардын катарына киргизилген;
"Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм экени белгилүү болгон;
"Хизбут-Тахрир-аль-Ислами" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен экстремисттик уюм деп табылган;
"Жихад тобу" — 2008-жылдын 11-июнунда Биринчи май райондук соту террордук уюм деп тапкан;
"Түркстан Ислам партиясы" ("Өзбекстан Ислам кыймылы") — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм катары таанылган;
"Мун чиркөөсү" — 2012-жылы 22-февралда Свердлов райондук сотунун чечими менен өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
"Жайшуль Махди" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
1 Жетинин айы 2021, 20:01
"Жундь-аль Халифат" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соту ишмердүүлүгүнө тыюу салган;
"Ансаруллох" (Ансарул Аллах) — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соттун чечими менен ишмердүүлүгүнө уруксат берилген эмес;
"Ат-Такфир Валь-Хиджра" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соту ишмердүүлүгүнө тыюу салган;
"Акромия" — 2014-жылы 14-мартта Биринчи май райондук сотунун чечими менен экстремисттик уюм катары табылып, ишмердүүлүгү токтотулган;
"Саид Бурятскийдин (А.Тихомировдун) пропагандалык-үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү" — 2014-жылы 14-мартта Биринчи май райондук соту экстремисттик уюм деп тапкан;
Ислам мамлекети (ИГИЛ, ДАИШ) — 2015-жылы 13-февралда Октябрь райондук сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
"Джабхат ан-Нусра" — 2015-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту террордук жана экстремисттик уюм деген чечим чыгарган;
"Катибат аль-Имам аль-Бухари" ("Имама Бухаринин батальону") — 2015-жылы 13-майда Ош шаардык сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм деп табылган;
"Жаннат Ошиклари" — 2015-жылы 13-майда Ош шаардык сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм экени аныкталган;
"Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" — 2016-жылы 17-мартта Ош шаардык соту террордук уюм деген чечим чыгарган;
"Йакын-Инкар" — 2017-жылы 15-июнда Октябрь райондук сотунун чечими менен республика аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.