https://sputnik.kg/20220209/sabyrbek-zhumabekov-kabinetinde-oturat-1061912257.html
Министр: Сабыр Жумабеков кабинетинде отурат, иштейм десе калтырабыз
Министр: Сабыр Жумабеков кабинетинде отурат, иштейм десе калтырабыз
Sputnik Кыргызстан
Министр оорукана маселеси боюнча Жумабеков менен бир жылдан бери сүйлөшүп, кепке келтире албаганын белгиледи. 09.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-09T15:47+0600
2022-02-09T15:47+0600
2022-02-09T15:48+0600
кыргызстан
дайындоо
оорукана
директор
сабырбек жумабеков
алымкадыр бейшеналиев
https://sputnik.kg/img/102856/04/1028560403_0:231:2500:1638_1920x0_80_0_0_9487a85483ff24b61929e5f8d8867c7e.jpg
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Мурдагы Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков учурда өзүнүн кабинетинде отурат. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ЖКнын Социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.Ошондой эле ал оорукана маселеси боюнча Жумабеков менен бир жылдан бери сүйлөшүп, кепке келтире албаганын белгиледи."Сабырбек Артисбекович, сиздин атагыңыз чыккан, балдарды кыйнабай ушул оорукананы бир мыйзамдаштырып алыңызчы деп айтып келгем. Акыркы урушардын астында дагы эки-үч жолу жолуктук. "Өзүң деле ойлонуп көрчү, сени директор кылып ким койду?" дегем. Дагы деле сүйлөшүүгө даярмын, мен эч кимден качпайм. Жаңы келген директор бул ооруканада 14 жыл иштептир, абдан тажрыйбалуу экен. Ал жерден бөлүм башчылардын баарынан "кимиңер башкара аласыңар?" деп сурасам, "мындай учурда сөзүбүз Сабырбек Артисбековичке өтпөйт" деп сырттан алып келүүнү сунушташты", — деди Бейшеналиев.Мындан улам Токмок аймактык ооруканасында иштеп жаткан Дамир Дүйшөновду дайындаганын билдирди. Министрдин айтымында, ал Жумабеков менен мамилеси жакшы экенин, аны менен сүйлөшүп ишти алып кетерине ишендирген. Ошондон кийин Бейшеналиев Дүйшөновду президент Садыр Жапаровго жолуктурганын белгиледи.
https://sputnik.kg/20220209/bejshenaliev-zhetekchiler-kachyp-ketishti-1061910334.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102856/04/1028560403_217:0:2440:1667_1920x0_80_0_0_c7457ce9a57045664b532eb74120329a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, дайындоо, оорукана, директор, сабырбек жумабеков, алымкадыр бейшеналиев
кыргызстан, дайындоо, оорукана, директор, сабырбек жумабеков, алымкадыр бейшеналиев
Министр: Сабыр Жумабеков кабинетинде отурат, иштейм десе калтырабыз
15:47 09.02.2022 (Жаңыртылды: 15:48 09.02.2022) Министр оорукана маселеси боюнча Жумабеков менен бир жылдан бери сүйлөшүп, кепке келтире албаганын белгиледи.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Мурдагы Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору
Сабырбек Жумабеков учурда өзүнүн кабинетинде отурат. Бул туурасында саламаттык сактоо министри
Алымкадыр Бейшеналиев ЖКнын Социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.
"Жаңы директорго эгер Сабырбек Артисбекович кафедра башчысы болуп иштөөнү кааласа, кабинетинде калтыр дедик. Себеби ал кыргыз элине эле эмес, башка элге да көрүнүп калган академик", — деди министр.
Ошондой эле ал оорукана маселеси боюнча Жумабеков менен бир жылдан бери сүйлөшүп, кепке келтире албаганын белгиледи.
"Сабырбек Артисбекович, сиздин атагыңыз чыккан, балдарды кыйнабай ушул оорукананы бир мыйзамдаштырып алыңызчы деп айтып келгем. Акыркы урушардын астында дагы эки-үч жолу жолуктук. "Өзүң деле ойлонуп көрчү, сени директор кылып ким койду?" дегем. Дагы деле сүйлөшүүгө даярмын, мен эч кимден качпайм. Жаңы келген директор бул ооруканада 14 жыл иштептир, абдан тажрыйбалуу экен. Ал жерден бөлүм башчылардын баарынан "кимиңер башкара аласыңар?" деп сурасам, "мындай учурда сөзүбүз Сабырбек Артисбековичке өтпөйт" деп сырттан алып келүүнү сунушташты", — деди Бейшеналиев.
Мындан улам Токмок аймактык ооруканасында иштеп жаткан Дамир Дүйшөновду дайындаганын билдирди. Министрдин айтымында, ал Жумабеков менен мамилеси жакшы экенин, аны менен сүйлөшүп ишти алып кетерине ишендирген. Ошондон кийин Бейшеналиев Дүйшөновду президент Садыр Жапаровго жолуктурганын белгиледи.