Искендеров Эльман Хыдырович — өмүр баяны
09:57 10.02.2022 (Жаңыртылды: 12:18 11.02.2022)
© Фото / пресс-служба ЦИК КРИскендеров Эльман Хыдырович
© Фото / пресс-служба ЦИК КР
Жазылуу
Эльман Искендеров 1979-жылы Ысык-Көл районунун Ананьево айылында туулган. Жогорку билимдүү.
2000-жылы Кыргыз улуттук мамлекеттик университетин "экономика жана башкаруу" адистиги боюнча аяктаган. 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн.
2001-2003 ― Жайыл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүндө ыкчам кызматкер;
2003-2004 ― Бишкек ШИИБдин кылмыш иликтөө башкармалыгында кызматкер;
2004-2007 ― Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүндө кызматкер;
2007-2008 ― ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында кызматкер;
2009-2010 ― Баңгизатты көзөмөлдөө агенттигинде кызматкер;
2010-2015 ― Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматта иштеген;
2015-2016 ― ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматында иштеген;
2016-жылдан тартып коомдук тамактануу тармагында ишкерлик менен алектенет.