ББА Жаш Гвардия проспектиндеги тыгын көйгөйүн чечүү жолун сунуштады. Эскиз
ББА Жаш Гвардия проспектиндеги тыгын көйгөйүн чечүү жолун сунуштады. Эскиз
Sputnik Кыргызстан
"Бишкек башкы архитектура" ишканасы Жаш Гвардия проспектиндеги тыгын көйгөйүн чечүү үчүн жол курулушунун эки вариантын сунуштап жатат. Бирине каражат көбүрөөк... 11.02.2022, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" ишканасы "Жаш Гвардия проспекти — Лев Толстой көчөсү — Матыев көчөсү" транспорттук түйүнүн курууну сунуш кылып жатат.Мындай жол менен архитекторлор жол тыгынына байланыштуу көйгөйдү чечүүнү көздөөдө.Маалыматка караганда, бул жол курулушу жагынан уникалдуу болот. Тагыраагы, Жаш Гвардия проспекти Матыев көчөсүнө чейин жеткирилип, эки магистраль биригет. Мындан улам автоунаа кыймылы ылдамдайт. Ошол эле учурда темир жол жана Лев Толстой көчөсүндөгү кыймылга тоскоолдук жаралбайт."Бишкек башкы архитектура" ишканасынан билдиришкендей, шаардын 2025-жылга чейинки башкы планына ылайык, аталган жолду куруу үчүн ал жердеги объектилер, май куюучу жай алынышы керек. Ошондой эле айрым жерлерди сатып алып, бак-дарактарды кыюу зарыл. Буга көп каражат талап кылынат. Андыктан мекеме эскизде көрсөтүлгөн вариантты сунуштап жатат.Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишине эки тараптуу транспорттук түйүн куруу сунушталууда. Тагыраагы, Лев Толстой көчөсү аркылуу эстакадалык көпүрө курулмакчы.
"Бишкек башкы архитектура" ишканасы Жаш Гвардия проспектиндеги тыгын көйгөйүн чечүү үчүн жол курулушунун эки вариантын сунуштап жатат. Бирине каражат көбүрөөк кетмекчи.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" ишканасы "Жаш Гвардия проспекти — Лев Толстой көчөсү — Матыев көчөсү" транспорттук түйүнүн курууну сунуш кылып жатат.
Мындан улам автоунаа кыймылы ылдамдайт. Ошол эле учурда темир жол жана Лев Толстой көчөсүндөгү кыймылга тоскоолдук жаралбайт.
Мындай жол менен архитекторлор жол тыгынына байланыштуу көйгөйдү чечүүнү көздөөдө.
Маалыматка караганда, бул жол курулушу жагынан уникалдуу болот. Тагыраагы, Жаш Гвардия проспекти Матыев көчөсүнө чейин жеткирилип, эки магистраль биригет. Мындан улам автоунаа кыймылы ылдамдайт. Ошол эле учурда темир жол жана Лев Толстой көчөсүндөгү кыймылга тоскоолдук жаралбайт.
"Бишкек башкы архитектура" ишканасынан билдиришкендей, шаардын 2025-жылга чейинки башкы планына ылайык, аталган жолду куруу үчүн ал жердеги объектилер, май куюучу жай алынышы керек. Ошондой эле айрым жерлерди сатып алып, бак-дарактарды кыюу зарыл. Буга көп каражат талап кылынат. Андыктан мекеме эскизде көрсөтүлгөн вариантты сунуштап жатат.
Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишине эки тараптуу транспорттук түйүн куруу сунушталууда. Тагыраагы, Лев Толстой көчөсү аркылуу эстакадалык көпүрө курулмакчы.