Акеров Табылды Абдраманович — өмүр баяны
10:25 13.02.2022 (Жаңыртылды: 10:58 14.02.2022)
© Sputnik / Табылды КадырбековАкеров Табылды Абдраманович
![Акеров Табылды Абдраманович Акеров Табылды Абдраманович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022](https://sputnik.kg/img/07e5/0c/0d/1054952878_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_3703f214621c34882b2a767aae17d29c.jpg)
Жазылуу
Табылды Акеров 1967-жылы 26-февралда Чүй облусунун Чүй районундагы Юрьевка айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1992-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин "тарыхчы" адистиги боюнча бүтүргөн. 1997-жылы Улуттук илимдер академиясынын Экономика жана саясат таануу институтунда аспирантураны аяктаган.
Эмгек жолу:
1984-1985 ― таш тизүүчү болуп иштеген;
1992-1998 ― Улуттук илимдер академиясынын Экономика жана саясат таануу институтунда илимий кызматкер;
1999-2000 ― Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматында референт;
2000-2004 ― Президенттин маалымат кызматында референт;
2004-2006 ― Президенттик администрациянын социалдык саясат бөлүмүндө референт;
2008-жылдан тартып Кыргызстан эл аралык университетинин Этнология институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент;
2012-2013 ― Президентке караштуу "Мурас" фондунун башкаруучулугунун төрагасынын орун басары.