Алканова Элнура Сайдиракмановна — өмүр баяны
15:48 13.02.2022 (Жаңыртылды: 15:50 14.02.2022)
© Фото / предоставлено Эльнурой АлкановойАлканова Элнура Сайдиракмановна
![Алканова Элнура Сайдиракмановна Алканова Элнура Сайдиракмановна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022](https://sputnik.kg/img/07e4/09/16/1049697644_0:334:1366:1102_1920x0_80_0_0_80053b3bb27f8ccf369c40e99332cd7f.jpg)
© Фото / предоставлено Эльнурой Алкановой
Жазылуу
Элнура Алканова 1992-жылы 31-майда туулган. Жогорку билимдүү. 2005-жылы Тышкы иштер министрлигинин Казы Дыйканбаев атындагы Дипломатиялык академиясын "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2015-2016 ― "Клооп Медиа" сайтында штаттан сырткаркы кабарчы;
2016, май-декабрь — "Эркин Европа/Азаттык" радиосунда журналисттик иликтөөлөр долбоорунун катышуучусу;
2017, январь-апрель — "Азаттык Медианын" штаттан сырткаркы кабарчысы;
2017-2018 — "Фергана.ру" агенттигинин штаттан сырткаркы кабарчысы;
2018-2019 — Open Democracy LTD изилдөө уюмунун штаттан сырткаркы кабарчысы;
2018-2020 — Борбор Азиядагы Америка университетинде окутуучу;
2019-2020 ― 5-каналда алып баруучу;
2019-жылдын август айынан тартып "Ачык булактар" фондунун төрайымы.
Үй-бүлөлүү, бир уулдун энеси.