00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Акылбек Жапаров Кыргызстанда чакан АЭС куруу идеясын колдойт

© AFP / MICHELE SPATARIАтомдук электростанция. Архив
Атомдук электростанция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Жазылуу
Акылбек Жапаров АЭСтер бүгүн болбосо эртең дүйнө жүзүнө кеңири тарарын айтып, окумуштуулар менен инженерлерди кам көрүүгө чакырды.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда чакан атомдук электростанция куруу идеясын колдойт.
Ал учурда мамлекет нанотехнология жана альтернативдүү энергия булактары боюнча жаңы доорго өткөнүн айтты.
"Кытай 100дөй АЭС курганы жатат. Беларусь куруп бүтүп, Өзбекстан жаңыдан баштады, ал эми Россияда ал бар. Коңшу Казакстан дагы өз аймагына атом электростанциясын курууга ниеттенүүдө. Бул бир күндүк иш эмес, толук циклге 100 жылга чейин убакыт кетет. Коңшулар сыяктуу ири станцияларды курбасак дагы, чаканы тууралуу ойлонушубуз керек. Бүгүн болбосо эртең дүйнө жүзүнө мындай станциялар кеңири таркайт. Андыктан окумуштуулар менен инженерлер кам көрө башташы керек", — деди Жапаров.
Кыргызстан чакан АЭС курууну караштырууда. Бирок анын жайгаша турчу жери аныктала элек. Энергетика министрлиги бул боюнча Россиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы менен меморандум түзгөн.
Анда тараптар РИТМ-200Н реактордук орнотмосунун базасында атомдук электр станциясын (АЭС) курууга кызыкдар экени айтылган. Ошондой эле меморандумда Кыргызстанда өзөктүк инфраструктураны өнүктүрүү жана атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу боюнча илимий-техникалык персоналдын квалификациясын жогорулатуу маселелери каралган.
"Росатом" мекемесинин башкы директору Алексей Лихачев Кыргызстанда АЭС сыяктуу объектинин болушу өлкөнү электр энергиясы жагынан гана көз карандысыз кылбастан, бүткүл Борбор Азия чөлкөмүндө илимий долбоорлордун көбөйүшүнө өбөлгө түзөт деген оюн билдирген.
Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги энергоблок. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу качан башталары белгилүү болду
Жаңылыктар түрмөгү
0