https://sputnik.kg/20220218/batysh-rossiyany-zhenildi-dep-zhatat-1062147649.html
Батыш Россияны катышпаган согушта жеңилүүчү деп таап жатат
Батыш Россияны катышпаган согушта жеңилүүчү деп таап жатат
Sputnik Кыргызстан
Англосактар тарабынан ойдон чыгарылган виртуалдык жеңиш аларга пайда алып келбейт, ал эми кемчилиги арбын болот. 18.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-18T14:12+0600
2022-02-18T14:12+0600
2022-02-28T20:37+0600
дүйнөдө
саясат
россия
батыш
нато
украина
чек ара
тарых
геосаясат
владимир путин
https://sputnik.kg/img/07e6/02/12/1062152246_0:72:3000:1760_1920x0_80_0_0_dba70af3e11aef01bcad0eae33ec4c93.jpg
"Россия көзүн ирмеп жибердиби? Же машаа тартыш үчүн бир көзүн жумуп алып мээлеп атабы?" The Economist басылмасындагы бул цитаталар атлантика элитасынын маанайын абдан жакшы чагылдырууда, Украинанын айланасындагы деэскалация тууралуу жар салууга эч кимиси ашыга элек. "Орус кооптуулугу" тууралуу маалыматтык согушту узарта турууга ниеттенгендей. Буга карабастан жалпысынан Россия менен Батыштын тиреши соңуна чыкты деп алдын ала жыйынтыктарды тизмектей берсе болот. Ишке ашпай калган согушта ким жеңди, эмне болгон согуш болду бул? Жагдай боюнча Петр Акопов ой толгоп, макала РИА Новостиге жарыяланды.Россия ичинен ирип эле алдан тайбаса, согуш талаасында жеңилбейт. Биринчи дүйнөлүк согушта да, кансыз согушта да ушундай болгон. Экинчисиндеги ыктыярдуу капитуляциянын кесепетин ушу кезге чейин тартып келет. Арасында Украинанын маселеси да бар.Бирок бүгүнкү күндө согуштун жаңы формасына күбө болуудабыз — каршылаштар Россия согуш ачууга даярданып жатат деп, атүгүл, датасын да айтып жиберишти, ушундай бир баатырдык менен токтотууга да аракет кылышты... Россия катышпай коюп согуш болбой калганда, Москваны жеңилген тарап кылып көрсөтүүгө аракет күч болуп жатат. Адатта спортто келбей калганы үчүн жеңилүүчү десе, бул жерде геосаясий жактан утулган тарап кылып көрсөтүшүүдө. Согуштун болоруна, россиялык агрессияга өзүлөрү ишенди беле же жокпу, азыр мунун мааниси деле болбой калды. Кеп башкада. Россия геосаясий тирешүүдө жеңилди деген нерсени таңуулоо башталды. Эми бул аракет канчалык ийгиликтүү болот?Россиянын эл аралык аренадагы кадырын айтсак, "Батыш алдын алган орус агрессиясынын" эч кандай деле таасири болбойт. Батыштан башка эч ким — Кытай да, Индия да, араб дүйнөсү да, керек болсо Латын Америкасы да буга көңүл бурбайт. Башкача айтканда, англосактар тарабынан ойдон чыгарылган виртуалдык жеңиш аларга пайда алып келбейт, ал эми кемчилиги арбын болот.Агрессия боюнча айыптоолордун баары аны ойлоп тапкан тараптын кадырына доо кетирет. Англосактардын ойлоп табуучулук жөндөмүн дүйнө коомчулугу жакшы билсе да бу жолкусунда дүйнө лидерлеринин көбү "Акеланын жаза тайганын" көрүштү. Чындап орус жаалынан корктубу же Россияга басым жасоо максатында ушинттиби, эми эч кимге кызык эмес. Вашингтон менен Лондон глобалдуу масштабда дүрбөлөң салды, ушу тапта Россиянын аларды атайылап чагымчылык жасады жана туура эмес маалымат таратты деп айыптоосуна толук негизи бар. Россиянын ордуна башка мамлекет да өзүн коюп, аракети кандай болмоктугун элестетип көрө алат. Баары тең эле англосактарды мындай ири масштабдагы маалыматтык террорчулук жасоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу процессин тездетүү үчүн аракет көрүү керек деген жыйынтыкка келмек.Окуянын батыш коомчулугуна деле таасири бир өңчөй болбойт. "Тынчтык орнотуучулуктун" үзүрү, тагыраагы, согушту алдын алып, "Путинди токтотуунун" жемиши азыр Жонсонго да, Байден менен "Вашингтон сазына" да жардам бербейт. Америкалыктардын кайсы бир бөлүгү Путинди Байден токтотту дегенге ишенген күндө да бул демократтарга ноябрда конгресске болчу шайлоодо Трамптын реваншын токтото албай калды. Атургай коопсуздук боюнча Америка-Россия сүйлөшүүлөрү башталган соң "Украинаны коргоо" аракети демократтарга "орустар менен эпке келип алган", "Россия менен Кытайдын жакындашуусуна жол берген" деп каршы пайдаланылышы толук мүмкүн."Россия утулду" деген тезистин үчүнчү жагы да бар, бул — өлкөнүн ички саясаты. Геосаясий атаандаштар мындай жагдайды болушунча колдонууга аракет кылат. Мында жалган патриоттор пайдаланылат эмеспи: "Путин Киевди ала албай койду" таризиндеги ураандар жаайт. Анткени мындай абалга, 2014-2016-жылдары "Путин Донбассты, Жаңы Россияны, орус дүйнөсүн, орус кызыкчылыгын сатып жибердиге" күбө болгонбуз. Ошол учур кайталанып жаткандай: "Украинаны бошотпой койду, Батышка багынып берди" болот. Мунун себеби да оңой эле табылат — ушундай эле болмок, баарынын акчасы, бүлөсү, балдары Батышта дегенди уга баштайбыз. Болбогон кеп болсо да атлантисттер менен каршылашып жаткан тогуз жылдын аралыгында буга ишенген мекендештердин аягы сууй элек."Россия жеңилип калдынын" дагы бир татаалыраак варианты бар. Россия согушууну каалаган эмес, бирок англосактарды коркутуп коёюн деген, мындан улам кабыл алынбай турганын билип туруп эле коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украинанын тегерегине аскерин топтой баштаган. Коркуп кеткен Батыш кеминде эле Украинаны НАТОго кошуу оюнан кайтмак. Бирок Байден союздаштары менен моюн сунбай, тескерисинче, Россияны Украинага каршы согуш ачууга мажбурлады. Натыйжада Москва чегинүүгө аргасыз болду.Мындай логиканын эң алсыз жагы — Путин кыска партия ойноп, тез арада жеңишке жетүүнү каалады деген ой. Бирок ноябрда коопсуздук кепилдиги боюнча ультиматум коюп жатып Путин Байдендин алсыздыгына, же Германияда бийликтин алмашышына, болбосо Францияда мына-мына шайлоо болот дегенге караган эмес. РФ президенти Украина үчүн күрөштүн жалпы стратегиясынан туруп кадам шилтеген. Бул күрөш Крымдан кийинки сегиз жылдан бери эле келе жаткан жок. Россия Украина үчүн Зеленский же жергиликтүү олигархтар менен эмес, Россиянын тарыхый бөлүгү болгон аймакты бөлүп кетүүгө аракет кылган атлантика дүйнөсү менен күрөшүп келет. Орус дүйнөсү менен Европанын чек арасын кайра карап 1991-жылдын жыйынтыгын тарыхый жактан бекемдөөгө умтулган күчтөр менен күрөшүүдө. Дал ушул нерсени Путин эмес, азыркы россия-украин чек арасынын эки жагындагы ар бир орус кабыл ала албайт. Путин өз сунуш-талаптарында дал ушул нерсе тууралуу айтып жатат. Дал ушул нерсени Батыш элитасы абдан жакшы түшүндү.Аларды Путиндин мына азыр эмне кылып жиберери кызыктырбайт. Россия аларды Украинаны атлантизациялоо, чыгышты карай кеңейүү пландарынан баш тарттырып жатканына тынчы кетүүдө. Чынын айтканда башка бирөөнүн нерсесин ээлеп калууга мүмкүнчүлүктөрү деле жок болчу, бирок Украинаны өз кызыкчылыгы үчүн дагы көпкө чейин пайдаланам деген кыял бар эле. Эми Путин бул кыялды да жок кылды. Аталган фактыны — Украина үчүн тирешүүдө жеңилген фактысын моюндоо үчүн аларга убакыт керек.
https://sputnik.kg/20220217/ukraina-zhagdajy-1062116106.html
https://sputnik.kg/20220216/rossiya-evropany-zhakyrlantuuga-dayardanyp-zhatat-1062087246.html
https://sputnik.kg/20220217/putin-menen-sholctun-zholugushuusu-1062114721.html
батыш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/12/1062152246_333:0:3000:2000_1920x0_80_0_0_fc0d76f0c4091c184af55f5b634401ae.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, саясат, россия, батыш, нато, украина, чек ара, тарых, геосаясат, владимир путин
дүйнөдө, саясат, россия, батыш, нато, украина, чек ара, тарых, геосаясат, владимир путин
Батыш Россияны катышпаган согушта жеңилүүчү деп таап жатат
14:12 18.02.2022 (Жаңыртылды: 20:37 28.02.2022) Англосактар тарабынан ойдон чыгарылган виртуалдык жеңиш аларга пайда алып келбейт, ал эми кемчилиги арбын болот.
"Россия көзүн ирмеп жибердиби? Же машаа тартыш үчүн бир көзүн жумуп алып мээлеп атабы?" The Economist басылмасындагы бул цитаталар атлантика элитасынын маанайын абдан жакшы чагылдырууда, Украинанын айланасындагы деэскалация тууралуу жар салууга эч кимиси ашыга элек. "Орус кооптуулугу" тууралуу маалыматтык согушту узарта турууга ниеттенгендей. Буга карабастан жалпысынан Россия менен Батыштын тиреши соңуна чыкты деп алдын ала жыйынтыктарды тизмектей берсе болот. Ишке ашпай калган согушта ким жеңди, эмне болгон согуш болду бул? Жагдай боюнча Петр Акопов ой толгоп, макала
РИА Новостиге жарыяланды.
Россия ичинен ирип эле алдан тайбаса, согуш талаасында жеңилбейт. Биринчи дүйнөлүк согушта да, кансыз согушта да ушундай болгон. Экинчисиндеги ыктыярдуу капитуляциянын кесепетин ушу кезге чейин тартып келет. Арасында Украинанын маселеси да бар.
Бирок бүгүнкү күндө согуштун жаңы формасына күбө болуудабыз — каршылаштар Россия согуш ачууга даярданып жатат деп, атүгүл, датасын да айтып жиберишти, ушундай бир баатырдык менен токтотууга да аракет кылышты... Россия катышпай коюп согуш болбой калганда, Москваны жеңилген тарап кылып көрсөтүүгө аракет күч болуп жатат. Адатта спортто келбей калганы үчүн жеңилүүчү десе, бул жерде геосаясий жактан утулган тарап кылып көрсөтүшүүдө. Согуштун болоруна, россиялык агрессияга өзүлөрү ишенди беле же жокпу, азыр мунун мааниси деле болбой калды. Кеп башкада. Россия геосаясий тирешүүдө жеңилди деген нерсени таңуулоо башталды. Эми бул аракет канчалык ийгиликтүү болот?
Россиянын эл аралык аренадагы кадырын айтсак, "Батыш алдын алган орус агрессиясынын" эч кандай деле таасири болбойт. Батыштан башка эч ким — Кытай да, Индия да, араб дүйнөсү да, керек болсо Латын Америкасы да буга көңүл бурбайт. Башкача айтканда, англосактар тарабынан ойдон чыгарылган виртуалдык жеңиш аларга пайда алып келбейт, ал эми кемчилиги арбын болот.
17 Бирдин айы 2022, 14:06
Агрессия боюнча айыптоолордун баары аны ойлоп тапкан тараптын кадырына доо кетирет. Англосактардын ойлоп табуучулук жөндөмүн дүйнө коомчулугу жакшы билсе да бу жолкусунда дүйнө лидерлеринин көбү "Акеланын жаза тайганын" көрүштү. Чындап орус жаалынан корктубу же Россияга басым жасоо максатында ушинттиби, эми эч кимге кызык эмес. Вашингтон менен Лондон глобалдуу масштабда дүрбөлөң салды, ушу тапта Россиянын аларды атайылап чагымчылык жасады жана туура эмес маалымат таратты деп айыптоосуна толук негизи бар. Россиянын ордуна башка мамлекет да өзүн коюп, аракети кандай болмоктугун элестетип көрө алат. Баары тең эле англосактарды мындай ири масштабдагы маалыматтык террорчулук жасоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу процессин тездетүү үчүн аракет көрүү керек деген жыйынтыкка келмек.
Окуянын батыш коомчулугуна деле таасири бир өңчөй болбойт. "Тынчтык орнотуучулуктун" үзүрү, тагыраагы, согушту алдын алып, "Путинди токтотуунун" жемиши азыр Жонсонго да, Байден менен "Вашингтон сазына" да жардам бербейт. Америкалыктардын кайсы бир бөлүгү Путинди Байден токтотту дегенге ишенген күндө да бул демократтарга ноябрда конгресске болчу шайлоодо Трамптын реваншын токтото албай калды. Атургай коопсуздук боюнча Америка-Россия сүйлөшүүлөрү башталган соң "Украинаны коргоо" аракети демократтарга "орустар менен эпке келип алган", "Россия менен Кытайдын жакындашуусуна жол берген" деп каршы пайдаланылышы толук мүмкүн.
"Россия утулду" деген тезистин үчүнчү жагы да бар, бул — өлкөнүн ички саясаты. Геосаясий атаандаштар мындай жагдайды болушунча колдонууга аракет кылат. Мында жалган патриоттор пайдаланылат эмеспи: "Путин Киевди ала албай койду" таризиндеги ураандар жаайт. Анткени мындай абалга, 2014-2016-жылдары "Путин Донбассты, Жаңы Россияны, орус дүйнөсүн, орус кызыкчылыгын сатып жибердиге" күбө болгонбуз. Ошол учур кайталанып жаткандай: "Украинаны бошотпой койду, Батышка багынып берди" болот. Мунун себеби да оңой эле табылат — ушундай эле болмок, баарынын акчасы, бүлөсү, балдары Батышта дегенди уга баштайбыз. Болбогон кеп болсо да атлантисттер менен каршылашып жаткан тогуз жылдын аралыгында буга ишенген мекендештердин аягы сууй элек.
16 Бирдин айы 2022, 12:04
"Россия жеңилип калдынын" дагы бир татаалыраак варианты бар. Россия согушууну каалаган эмес, бирок англосактарды коркутуп коёюн деген, мындан улам кабыл алынбай турганын билип туруп эле коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украинанын тегерегине аскерин топтой баштаган. Коркуп кеткен Батыш кеминде эле Украинаны НАТОго кошуу оюнан кайтмак. Бирок Байден союздаштары менен моюн сунбай, тескерисинче, Россияны Украинага каршы согуш ачууга мажбурлады. Натыйжада Москва чегинүүгө аргасыз болду.
Мындай логиканын эң алсыз жагы — Путин кыска партия ойноп, тез арада жеңишке жетүүнү каалады деген ой. Бирок ноябрда коопсуздук кепилдиги боюнча ультиматум коюп жатып Путин Байдендин алсыздыгына, же Германияда бийликтин алмашышына, болбосо Францияда мына-мына шайлоо болот дегенге караган эмес. РФ президенти Украина үчүн күрөштүн жалпы стратегиясынан туруп кадам шилтеген. Бул күрөш Крымдан кийинки сегиз жылдан бери эле келе жаткан жок. Россия Украина үчүн Зеленский же жергиликтүү олигархтар менен эмес, Россиянын тарыхый бөлүгү болгон аймакты бөлүп кетүүгө аракет кылган атлантика дүйнөсү менен күрөшүп келет. Орус дүйнөсү менен Европанын чек арасын кайра карап 1991-жылдын жыйынтыгын тарыхый жактан бекемдөөгө умтулган күчтөр менен күрөшүүдө. Дал ушул нерсени Путин эмес, азыркы россия-украин чек арасынын эки жагындагы ар бир орус кабыл ала албайт. Путин өз сунуш-талаптарында дал ушул нерсе тууралуу айтып жатат. Дал ушул нерсени Батыш элитасы абдан жакшы түшүндү.
Аларды Путиндин мына азыр эмне кылып жиберери кызыктырбайт. Россия аларды Украинаны атлантизациялоо, чыгышты карай кеңейүү пландарынан баш тарттырып жатканына тынчы кетүүдө. Чынын айтканда башка бирөөнүн нерсесин ээлеп калууга мүмкүнчүлүктөрү деле жок болчу, бирок Украинаны өз кызыкчылыгы үчүн дагы көпкө чейин пайдаланам деген кыял бар эле. Эми Путин бул кыялды да жок кылды. Аталган фактыны — Украина үчүн тирешүүдө жеңилген фактысын моюндоо үчүн аларга убакыт керек.
17 Бирдин айы 2022, 10:29