https://sputnik.kg/20220219/zhakyr-uj-bulo-zhardam-1062177483.html
Кыргызстанда кембагал 100 үй-бүлөгө 100 миң сомдон бөлүнөт. Бирок шарттары бар
Кыргызстанда кембагал 100 үй-бүлөгө 100 миң сомдон бөлүнөт. Бирок шарттары бар
Sputnik Кыргызстан
Жакыр жашаган үй-бүлөлөр иш башташ үчүн 100 миң сом грант алат. Муну менен катар аларга финансылык сабаттуулук, бизнес-план иштеп чыгуу боюнча консультация... 19.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-19T13:12+0600
2022-02-19T13:12+0600
2022-02-19T13:13+0600
кыргызстан
долбоор
үй-бүлө
жакырчылык
жардам
бизнес
https://sputnik.kg/img/103949/18/1039491882_0:164:5184:3080_1920x0_80_0_0_d30c7bc3670b51b8f95d4b48cb329513.jpg
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандын эки районундагы кембагал 100 үй-бүлөгө бир жолу төлөнүүчү 100 миң сомдук грант берилет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык камсыздандыруу министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.Министрлик БУУнун Бүткүл дүйнөлүк тамак-аш программасы менен бирге "Социалдык келишимдин негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам" аттуу инновациялык пилоттук долбоор баштады. Долбоор Нарындын Жумгал району менен Баткендин Кадамжай районуна тиешелүү.Бул аз камсыз үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим болмокчу. Анда жакыр үй-бүлөлөр иш башташ үчүн 100 миң сом грант алат. Муну менен катар аларга финансылык сабаттуулук, бизнес-план иштеп чыгуу боюнча консультация берилип, айыл чарба жаатында ар кыл сабактар өтүлөт.Социалдык келишимдерди ишке ашырууда министрлик айрым учурда жергиликтүү бизнес жана ишкерлер менен кызматташарын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20220213/okumushtuu-aida-musaeva-ajmakty-onukturuu-maek-1062021165.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103949/18/1039491882_0:0:4608:3456_1920x0_80_0_0_5830ab9593ff4bad228ece7eee19febc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, долбоор, үй-бүлө, жакырчылык, жардам, бизнес
кыргызстан, долбоор, үй-бүлө, жакырчылык, жардам, бизнес
Кыргызстанда кембагал 100 үй-бүлөгө 100 миң сомдон бөлүнөт. Бирок шарттары бар
13:12 19.02.2022 (Жаңыртылды: 13:13 19.02.2022) Жакыр жашаган үй-бүлөлөр иш башташ үчүн 100 миң сом грант алат. Муну менен катар аларга финансылык сабаттуулук, бизнес-план иштеп чыгуу боюнча консультация берилип, айыл чарба жаатында ар кыл сабактар өтүлөт.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандын эки районундагы кембагал 100 үй-бүлөгө бир жолу төлөнүүчү 100 миң сомдук грант берилет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык камсыздандыруу министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлик БУУнун Бүткүл дүйнөлүк тамак-аш программасы менен бирге "Социалдык келишимдин негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам" аттуу инновациялык пилоттук долбоор баштады. Долбоор Нарындын Жумгал району менен Баткендин Кадамжай районуна тиешелүү.
Бул аз камсыз үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим болмокчу. Анда жакыр үй-бүлөлөр иш башташ үчүн 100 миң сом грант алат. Муну менен катар аларга финансылык сабаттуулук, бизнес-план иштеп чыгуу боюнча консультация берилип, айыл чарба жаатында ар кыл сабактар өтүлөт.
"Долбоор мал багуу, сүт азыктарын сатуу, тигүү кызматтары, теплица сыяктуу тармактарды түшүнгөн, бизнес-идеялары бар жакыр жашаган үй-бүлөлөргө ылайыкташылган", — деп айтылат маалыматта.
Социалдык келишимдерди ишке ашырууда министрлик айрым учурда жергиликтүү бизнес жана ишкерлер менен кызматташарын кошумчалады.
13 Бирдин айы 2022, 20:15