00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чоң-Алай районунун энциклопедиясы жарык көрдү

© Фото / Назгүл БостонбаеваЭнциклопедиянын түзүүчүсү, тарых илимдеринин кандидаты Акматбек Маматкаимов
Энциклопедиянын түзүүчүсү, тарых илимдеринин кандидаты Акматбек Маматкаимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2022
Жазылуу
Энциклопедиянын түзүүчүсү, тарых илимдеринин кандидаты Акматбек Маматкаимовдун айтымында, бул эмгекти даярдоого он жылдай убакыт кеткен.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Чоң-Алай районунун тарыхы, географиялык абалы, климаттык өзгөчөлүктөрү, флора, фаунасы жана райондон чыккан белгилүү инсандардын өмүр таржымалы жазылган энциклопедия жарык көрдү.
Энциклопедиянын түзүүчүсү, тарых илимдеринин кандидаты Акматбек Маматкаимовдун айтымында, бул эмгекти даярдоого он жылдай убакыт кеткен.
© Фото / Назгүл БостонбаеваЧоң-Алай районунун тарыхы, географиялык абалы, климаттык өзгөчөлүктөрү, флора, фаунасы жана райондон чыккан белгилүү инсандардын өмүр таржымалы жазылган энциклопедия жарык көрдү
Издание энциклопедии про Чон-Алайский район - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2022
Чоң-Алай районунун тарыхы, географиялык абалы, климаттык өзгөчөлүктөрү, флора, фаунасы жана райондон чыккан белгилүү инсандардын өмүр таржымалы жазылган энциклопедия жарык көрдү
"Энциклопедияны түзүү жөндөн-жөн эле ишке ашкан жок. Студент кезимден бери Чоң-Алай өрөөнүнүн тарыхын изилдеп келе жатам. Демилгечи топ кийин мага ишеним көрсөтүп, бул ишти тапшыргандан кийин болгон маалыматтарды чогултуп, терең изилдөөгө туура келди. Кыйынчылыгы – архивдик материалдарды топтоо болду, себеби көп убакытты алды. Экинчиден, китептин ичине кандай маалыматтар кирсе, ар бирин өз көзүм менен көрүп, сүрөтчүнүн, жазуучунун, географтын, ботаниктин, айтор, көп тармактуу адистин көз карашы менен жаздым. Ар бир материалды фактынын негизинде бергенге аракет кылдым. Өзүм Чоң-Алайда туулуп-өссөм да бул өрөөндүн бай тарыхы, башка аймактарга көп окшой бербеген климаттык, каада-салттык өзгөчөлүктөрү мен үчүн жаңы ачылыш болду", — деди Маматкаимов.
Ал китепти чыгарууда окумуштуулар, тарыхчылар менен бир нече жолу талкуулар уюштурулуп, алардын сынына коюлгандыгын кошумчалады. Эмгекти түзүүгө жалпы 40 чакты кызматкер жардамдашкан. Энциклопедияга мамлекеттик ишмер, окумуштуу, академик Абдыганы Эркебаев башкы редакторлук кылган. 700 беттен турган китеп "Турар" басмаканасынан 1 500 нускада жарык көргөн.
Чоң-Алай 1992-жылы Алай районунун курамынан бөлүнүп чыгып, өз алдынча район болуп түзүлгөн. Деңиз деңгээлинен 2 240-3 100 метр бийиктикте турат. Үч айыл өкмөт, 22 айыл бар. Соңку маалыматтарга таянсак, 33 миңге чукул адам жашайт.
Кыргыз Кайрык музыкалык долбоору - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Кыргыз ыр-күүлөрүнө негизделген "Этносольфеджио" китеби жарык көрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0