https://sputnik.kg/20220225/lavrov-zelenskiydi-kalp-aytyp-zhatat-degen-bildiruu-zhasady-1062367196.html
Лавров: Зеленскийдин Украинанын нейтралдуу макамын талкуулоого даяр экени калп
Лавров: Зеленскийдин Украинанын нейтралдуу макамын талкуулоого даяр экени калп
Sputnik Кыргызстан
РФ ТИМинин башчысы Россия Украинаны куралсыздандыра турганын айтты. 25.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-25T17:30+0600
2022-02-25T17:30+0600
2022-02-28T20:36+0600
дүйнөдө
россия
украина
владимир зеленский
сүйлөшүүлөр
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/17/1050177553_0:163:3073:1891_1920x0_80_0_0_02d1d641d7354365b7b8eebd138be501.jpg
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Президент Владимир Зеленскийдин Украинанын нейтралдуу макамын талкуулоого даярмын дегени калп. Бул туурасында Россия ТИМинин башчысы Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.Анын айтымына караганда, НАТО Чыгышты багындыруу үчүн Украинага "как жарып кирип келди".Бүгүн, 25-февралда, Зеленскийдин кеңсеси Украина Россия менен нейтралдык макам боюнча сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирген.Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирди.Ал арада бир катар Батыш мамлекеттери бул чечимди сындап, БУУнун башкы катчысы Украинадагы жаңжалды тез арада токтотууга чакырган.Ал эми Путин буга чейинки сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендигин, Россиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпагандыгын билдирди. Андан сырткары, Путин россиялыктарга жана украин аскерлерине кайрылып, Украинанын бийлигинин кылмыштуу буйруктарынан баш тартууга чакырган. Эгер кан төгүлүп кетсе, жоопкерчилиги Украинаны башкарган режимде болорун белгилеген.Чыңалган кырдаалдан бир күн өткөндөн кийин, 25-февралда, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Зеленскийдин өтүнүчү менен Россия президенти Владимир Путинге чалган.Ал "Зеленский аскердик иш-аракеттердин эртерээк бүтүшүн суранып, аны менен сүйлөшүү жүргүзүүнү өтүнгөнүн, Украина президенти Путин менен байланыша албагандыгын" айткан. Анткен менен Макрон сүйлөшүүдөн жыйынтык болбогонун кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20220225/rossiyanyn-ukrainadagy-atajyn-operaciyasy-1062358891.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/17/1050177553_96:0:2827:2048_1920x0_80_0_0_3ade0be3545524cbdae13d4932791f6a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, владимир зеленский, сүйлөшүүлөр
дүйнөдө, россия, украина, владимир зеленский, сүйлөшүүлөр
Лавров: Зеленскийдин Украинанын нейтралдуу макамын талкуулоого даяр экени калп
17:30 25.02.2022 (Жаңыртылды: 20:36 28.02.2022) РФ ТИМинин башчысы Россия Украинаны куралсыздандыра турганын айтты.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Президент Владимир Зеленскийдин Украинанын нейтралдуу макамын талкуулоого даярмын дегени калп. Бул туурасында Россия ТИМинин башчысы Сергей Лавров билдиргенин
РИА Новости жазды.
Анын айтымына караганда, НАТО Чыгышты багындыруу үчүн Украинага "как жарып кирип келди".
"Россия Украинаны демилитаризациялайт. Россия украин элинин көз карандысыздыгына кызыкдар", — деген министр.
Бүгүн, 25-февралда, Зеленскийдин кеңсеси Украина Россия менен нейтралдык макам боюнча
сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирген.Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирди.
Ал арада бир катар Батыш мамлекеттери бул чечимди сындап, БУУнун башкы катчысы Украинадагы жаңжалды тез арада токтотууга чакырган.
Ал эми Путин буга чейинки сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендигин, Россиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпагандыгын билдирди. Андан сырткары, Путин россиялыктарга жана украин аскерлерине кайрылып, Украинанын бийлигинин кылмыштуу буйруктарынан баш тартууга чакырган. Эгер кан төгүлүп кетсе, жоопкерчилиги Украинаны башкарган режимде болорун
белгилеген.Чыңалган кырдаалдан бир күн өткөндөн кийин, 25-февралда, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Зеленскийдин өтүнүчү менен Россия президенти Владимир Путинге чалган.
Ал "Зеленский аскердик иш-аракеттердин эртерээк бүтүшүн суранып, аны менен сүйлөшүү жүргүзүүнү өтүнгөнүн, Украина президенти Путин менен байланыша албагандыгын" айткан. Анткен менен Макрон сүйлөшүүдөн
жыйынтык болбогонун кошумчалаган.25 Бирдин айы 2022, 14:28