https://sputnik.kg/20220305/sadyr-zhaparovdun-ak-kalpak-kunu-menen-eldi-kuttuktoosu-1062611201.html
Ак калпак кыргыздардын башынан түшпөсүн! Садыр Жапаровдун куттуктоосу
Ак калпак кыргыздардын башынан түшпөсүн! Садыр Жапаровдун куттуктоосу
Sputnik Кыргызстан
Улуттук кийимдин маанилүүлүгүн сактоо максатында 2016-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин "Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү жөнүндө" расмий токтому чыккан. 05.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-05T10:35+0600
2022-03-05T10:35+0600
2022-03-05T10:45+0600
кыргызстан
куттуктоо
садыр жапаров
ак калпак күнү
https://sputnik.kg/img/07e6/03/05/1062611581_97:75:2209:1263_1920x0_80_0_0_11e1466efbd42cef56bc27330b8e031f.jpg
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктап, элдин тарыхый, маданий мурасы улуттун руханий, экономикалык жана социалдык кенчи болуп саналарын айтты.Маалымат кызматы куттуктоонун текстин жарыялады.5-март ‒ Ак калпак жана улуттук кийим күнүнө карата анын маани-маңызын чечмелөө, жайылтуу менен кыргыз маданиятына болгон атуулдук сезимдерди ойготуу максатында жер-жерлерде салтанаттуу иш-чаралар жылына уюштурулганы кубандыра турчу көрүнүш экенине токтолгон. Бул иш-чаралар менен кыргыз элинин салттуу маданиятынын асыл-наркы жаштар арасына жайылтылып, өнүктүрүлүп, даңазаланып келе жатканын белгилеген."Сиздерди Ак калпак күнү менен чын дилимден куттуктайм. Биздин салттуу кийим улуттун улуулугун сактап, байыркы нарк-насилибиз, көөнөргүс казына болгон асыл-наркыбыз өнүгүп, кылымдар сынынан өткөн маданиятыбыз дүйнөгө тааныла беришине тилектешмин! Ар дайым аскар зоолуу, бийик Ала-Тоону туюнткан ак калпак кыргыздардын башынан түшпөсүн!" ‒ деп аяктаган куттуктоо.Кыргызстанда бул дата бир нече жылдан бери белгиленип келет. Улуттук кийимдин маанилүүлүгүн сактоо максатында 2016-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин "Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү жөнүндө" расмий токтому чыккан.Калпак туурасында кеңири маалыматты Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан алсаңыздар болот.
https://sputnik.kg/20220304/kalpak-boyuncha-test-1062596089.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/05/1062611581_331:0:2015:1263_1920x0_80_0_0_787f930e13b41b8f86f1121fa43737fd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, куттуктоо, садыр жапаров, ак калпак күнү
кыргызстан, куттуктоо, садыр жапаров, ак калпак күнү
Ак калпак кыргыздардын башынан түшпөсүн! Садыр Жапаровдун куттуктоосу
10:35 05.03.2022 (Жаңыртылды: 10:45 05.03.2022) Улуттук кийимдин маанилүүлүгүн сактоо максатында 2016-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин "Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү жөнүндө" расмий токтому чыккан.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Президент
Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктап, элдин тарыхый, маданий мурасы улуттун руханий, экономикалык жана социалдык кенчи болуп саналарын айтты.
Маалымат кызматы куттуктоонун текстин жарыялады.
"Кыргызстан эли муундан-муунга өтүүчү тарыхый жана маданий мураска өтө бай. Ал улуттун руханий, экономикалык жана социалдык кенчи болуп саналат. Биздин ак калпагыбыз баш болгон улуттук кийим – элибиздин тарыхы менен тыгыз байланышып, анын маданияты менен турмуш-тиричилигинин ажырагыс бир бөлүгү болуп келди. Ошентип, ата-бабаларыбыздан калган ак калпак маданий мурасыбыздын маанилүү көрөңгөсүнө айланды", ‒ деп айтылган куттуктоодо.
5-март ‒ Ак калпак жана улуттук кийим күнүнө карата анын маани-маңызын чечмелөө, жайылтуу менен кыргыз маданиятына болгон атуулдук сезимдерди ойготуу максатында жер-жерлерде салтанаттуу иш-чаралар жылына уюштурулганы кубандыра турчу көрүнүш экенине токтолгон. Бул иш-чаралар менен кыргыз элинин салттуу маданиятынын асыл-наркы жаштар арасына жайылтылып, өнүктүрүлүп, даңазаланып келе жатканын белгилеген.
"Сиздерди Ак калпак күнү менен чын дилимден куттуктайм. Биздин салттуу кийим улуттун улуулугун сактап, байыркы нарк-насилибиз, көөнөргүс казына болгон асыл-наркыбыз өнүгүп, кылымдар сынынан өткөн маданиятыбыз дүйнөгө тааныла беришине тилектешмин! Ар дайым аскар зоолуу, бийик Ала-Тоону туюнткан ак калпак кыргыздардын башынан түшпөсүн!" ‒ деп аяктаган куттуктоо.
Кыргызстанда бул дата бир нече жылдан бери белгиленип келет. Улуттук кийимдин маанилүүлүгүн сактоо максатында 2016-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин "Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү жөнүндө" расмий токтому чыккан.
4 Жалган Куран 2022, 16:06