Экономист: өлкөдө насыянын пайыздары жогорулайт
© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономист Кубан Чороев
Жазылуу
Экономист Кубан Чороев Улуттук банктын эсептик чен өлчөмдү 10 пайызга чейин көтөрүшү экономиканы жайлатууга багытталганын белгиледи.
Коммерциялык банктар Улуттук банктан ала турган насыя кымбаттады. Демек, алдыда өлкө боюнча кредиттердин пайызы жогорулашы ыктымал. Бул тууралуу Кубан Чороев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Экономист: өлкөдө насыянын пайыздары жогорулайт
Анын айтымында, адатта башкы банк инфляцияны токтотуу үчүн эсептик чен өлчөмдү көтөрөт.
"Улуттук банк 1-марттан тарта эсептик чен өлчөмдү 1,5 пайызга көтөрүп, 10 пайызга жеткирди. Жөнөкөй сөз менен айтканда, өлкөдө 24 коммерциялык банк бар. Аларга Улуттук банк акчаны насыяга берет. Мына ошол комбанктарга өлкөнүн башкы банкынан берилген кредиттин пайызы 1,5 пайызга жогорулайт дегенди түшүндүрөт. Демек, менчик банктар дагы насыялардын пайызын 1,5 пайызга жогорулатышы керек. Мунун максаты — экономикадагы ликвиддүүлүктү азайтуу. Мисалы. учурда инфляциянын көрсөткүчү жогору болсо, аны андан ары көтөрүлбөшү үчүн эсептик чен өлчөмдү көтөрөт. Бирок башкы банктын бул инструменти инфляцияны токтотууга таасир бере алары талаштуу маселе. Анткен менен жалпысынан мына ушундай мыйзамга баш иет. Бул механизмдин натыйжасында насыянын наркы жогорулайт, акчанын тегеренүүсү, экономиканын активдүүлүгү азаят. Дүйнө боюнча Кыргызстан кымбат кредит берген өлкөлөрдүн катарында. Бул өлкө экономикасынын монетизациясы начар экендигинен кабар берет. Маселен, Кыргызстанда улуттук валютаны карасак, 160 миллиард сомдун тегерегинде каражат айланууда. Бул абдан аз болуп саналат. Консалидацияланган бюджетти 400 миллиардга жеткиребиз деген пландар айтылууда. Демек, өлкөдө акча массасы аз, эсептик ченди көтөрүү менен анын наркы дагы кымбаттайт", — деди Чороев.
Ошондой эле ал депозиттердин пайыздык чендери көтөрүлүшү ыктымал экенин кошумчалады.