https://sputnik.kg/20220307/rossiya-ukrainada-biologiyalyk-kural-ishtelip-chykkanyn-aytuuda-1062660292.html
Украинада биологиялык курал иштелип чыккан. РФ министрлигинин билдирүүсү
Украинада биологиялык курал иштелип чыккан. РФ министрлигинин билдирүүсү
Sputnik Кыргызстан
Украинадагы атайын операциянын жүрүшүндө Киев режиминин өзүнүн аймагындагы аскердик-биологиялык программалардын изин тез арада тазалаган белгилер табылганын РФ... 07.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-07T10:21+0600
2022-03-07T10:21+0600
2022-03-07T10:22+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
украина
курал
лаборатория
https://sputnik.kg/img/07e6/03/06/1062657203_0:154:3093:1893_1920x0_80_0_0_d030f46154750cabd4a3320429ee1cb1.jpg
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Москва украиналык биолабораториялардын кызматкерлеринен Россияга жакын жайгашкан украиналык аймактарда биологиялык куралдардын компоненттери жасалгандыгын тастыктаган документтерди алды. Бул тууралуу Россиянын коргоо министринин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенковдун айткандыгын РИА Новости жазды. Министрдин билдиргенине караганда, атайын операция башталгандан тарта "Пентагондо олуттуу кооптонуу башталган". Бул тынчсыздануу Украинанын аймагында жашыруун түрдөгү эксперимент кылынган биологиялык куралдар тууралуу маалыматтын дүйнөгө билинип калышына байланышкан. БУУнун бактериологиялык (биологиялык) жана ууландыра турган куралдарына тыюу салган Конвенциясын Вашингтон менен Киевдин бузгандыгын жаап-жашыруу үчүн Украинанын Саламаттык сактоо министрлиги бардык биолабораторияларга коркунучтуу патогендердин запасын тез арада жок кылууну буюрган.Жакын арада Россиянын Коргоо министрлиги колуна тийген документтердин анализин көрсөтүүгө ниет кылып жаткандыгын айтты.Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүт алган. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Учурда Россия тараптын Украинаны демилитаризация жана денацификация операциясы жүрүп жатат. Россиянын Коргоо министрлиги, Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын билдиришти. Тилекке каршы, эки жактан тең курман болгондор, жаракат алгандар бар.
https://sputnik.kg/20220306/ukraina-ozoktuk-kural-zhasoogo-zhakyn-bolgon-1062649274.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/06/1062657203_180:0:2911:2048_1920x0_80_0_0_32ce03a228495218809d7b9e6301792b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, курал, лаборатория
дүйнөдө, россия, украина, курал, лаборатория
Украинада биологиялык курал иштелип чыккан. РФ министрлигинин билдирүүсү
10:21 07.03.2022 (Жаңыртылды: 10:22 07.03.2022) Украинадагы атайын операциянын жүрүшүндө Киев режиминин өзүнүн аймагындагы аскердик-биологиялык программалардын изин тез арада тазалаган белгилер табылганын РФ Коргоо министрлиги билдирди.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Москва украиналык биолабораториялардын кызматкерлеринен Россияга жакын жайгашкан украиналык аймактарда биологиялык куралдардын компоненттери жасалгандыгын тастыктаган документтерди алды. Бул тууралуу Россиянын коргоо министринин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенковдун айткандыгын
РИА Новости жазды.
Министрдин билдиргенине караганда, атайын операция башталгандан тарта "Пентагондо олуттуу кооптонуу башталган". Бул тынчсыздануу Украинанын аймагында жашыруун түрдөгү эксперимент кылынган биологиялык куралдар тууралуу маалыматтын дүйнөгө билинип калышына байланышкан. БУУнун бактериологиялык (биологиялык) жана ууландыра турган куралдарына тыюу салган Конвенциясын Вашингтон менен Киевдин бузгандыгын жаап-жашыруу үчүн Украинанын Саламаттык сактоо министрлиги бардык биолабораторияларга коркунучтуу патогендердин запасын тез арада жок кылууну буюрган.
"24-февралда өтө коркунучтуу патогендерди — чуманы, сибирь күйдүргүсүн, холераны, туляремияны жана башка өлүмгө алып келе турган ооруларды козгой турган биолабораториянын документтери шашылыш жок кылынгандыгы боюнча маалыматтарды алдык", — деди Конашенков.
Жакын арада Россиянын Коргоо министрлиги колуна тийген документтердин анализин көрсөтүүгө ниет кылып жаткандыгын айтты.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүт алган. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Учурда Россия тараптын Украинаны демилитаризация жана денацификация операциясы жүрүп жатат. Россиянын Коргоо министрлиги, Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын билдиришти. Тилекке каршы, эки жактан тең курман болгондор, жаракат алгандар бар.
6 Жалган Куран 2022, 15:00