https://sputnik.kg/20220308/putin-zhonokoy-zhookerlerdin-ukrainaga-chakyrylbay-turgandygyn-aytty-1062685055.html
Путин: мөөнөттүү аскердик милдетин өтөп жаткандар атайын операцияга чакырылбайт
Путин: мөөнөттүү аскердик милдетин өтөп жаткандар атайын операцияга чакырылбайт
Sputnik Кыргызстан
Владимир Путин атайын операцияны жүргүзүүдө запаста тургандар боюнча кошумча чакыруулар болбостугун айтты. 08.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-08T14:14+0600
2022-03-08T14:14+0600
2022-03-08T14:14+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
украина
владимир путин
аскер
чакыруу
https://sputnik.kg/img/07e6/03/04/1062609387_0:0:3009:1694_1920x0_80_0_0_0dccf0a4703b8c7ae9f5630aadcfacda.jpg
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Мөөнөттүү аскердик милдетин өтөп жаткандар Украинадагы атайын операцияга чакырылган эмес жана мындан ары да чакырылбайт. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путиндин айткандыгын РИА Новости жазды.Мамлекет башчы азыр атайын операцияда жүргөн аскер кызматкерлеринин жакындарына, туугандарына кайрылды.Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдиришкен. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору соккусун улантууда. Президент Украинаны оккупациялоо туурасында кеп болбогондугун айткан.
https://sputnik.kg/20220308/volnovakha-bagytynda-tashtalyp-eesiz-kalgan-kuraldardyn-videosu-1062683980.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/04/1062609387_169:0:2740:1928_1920x0_80_0_0_edd56ce2021e7db5d4d3f16a2f72fdc9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, владимир путин, аскер, чакыруу
дүйнөдө, россия, украина, владимир путин, аскер, чакыруу
Путин: мөөнөттүү аскердик милдетин өтөп жаткандар атайын операцияга чакырылбайт
Владимир Путин атайын операцияны жүргүзүүдө запаста тургандар боюнча кошумча чакыруулар болбостугун айтты.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Мөөнөттүү аскердик милдетин өтөп жаткандар Украинадагы атайын операцияга чакырылган эмес жана мындан ары да чакырылбайт. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путиндин айткандыгын
РИА Новости жазды.
Мамлекет башчы азыр атайын операцияда жүргөн аскер кызматкерлеринин жакындарына, туугандарына кайрылды.
"Жакындарыңыз, жакшы көргөн адамыңыз үчүн ойлонуп, түйшөлүп жатасыздар, түшүнөм. Сиздер да биз, жалпы өлкө сыяктуу сыймыктансаңыздар болот, алар үчүн бүткүл мамлекет ойлонуп, түйшөлүп турат. Белгилей кетейин, согуштук аракеттерге мөөнөттүү аскердик милдетин өтөп жаткан жоокерлер катышкан эмес, катышпайт дагы. Запаста тургандарды да кошумча чакыруу болбойт", — деген Путин.
Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдиришкен. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору соккусун улантууда. Президент Украинаны оккупациялоо туурасында кеп болбогондугун айткан.
8 Жалган Куран 2022, 12:47