00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Без патентов: какие изменения ждут предпринимателей в торговле?
18:10
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:08
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

БШК Свердлов округунан шайланган Муртазалиевдин жеңишин жокко чыгарды

© Фото / Таалайгуль УсенбаеваСвердлов шайлоо окуругунан утуп чыккан талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев. Архив
Свердлов шайлоо окуругунан утуп чыккан талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Жазылуу
Талапкер добуш сатып алууга айыпталып жатат. БШКнын чечимине макул болбосо сотко кайрыла алат.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Свердлов шайлоо округунан утуп чыккан талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин алган добушун жараксыз деп тапты.
Ал добуш сатып алууга айыпталып, талапкерлердин каттоосунан чыгарылды.
ИИМдин жана Бишкек шаардык милициянын тергөөчүлөрү Муртазалиев добуш сатып алганы тууралуу факты аныкталганын билдиришти. Шайлоочуларга акча таратууга шектелип кармалган эки жарандын талапкер менен байланышы бар экени далилденгени айтылды.
Ал эми БШКнын Ыкчам чара көрүү жана координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров Муртазалиевдин талапкерлигин четке кагууну сунуштады.
Натыйжада БШКнын мүчөлөрү укук коргоо органдарынын маалыматтарын эске алуу менен Абдурахманхажи Муртазалиевдин шайлоодогу жеңишин жокко чыгарды. Мындай чечимди БШКнын бардык мүчөлөрү бир добуштан колдоду.
Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова талапкерге эгер чечимге макул болбосо үч күндүн аралыгында сотко кайрылууну сунуштады.
Белгилей кетсек, 27-февралда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоодо Свердлов округунан Абдурахманхажи Муртазалиев 5 806 добуш алып (19.52%) утуп чыккан. Экинчи орунду Шайлообек Атазов алган.
Жогорку Кеңештин депутаттары Бүтүн Кыргызстан фракциясынын лидери Адахан Мадумаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Парламент Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берген жок
Жаңылыктар түрмөгү
0