https://sputnik.kg/20220314/ayyl-charba-ministri-plandary-menen-bolushtu-1062828807.html
Азык-түлүктөн кооптонбоңуздар! Айыл чарба министри пландары менен бөлүштү
Азык-түлүктөн кооптонбоңуздар! Айыл чарба министри пландары менен бөлүштү
Sputnik Кыргызстан
Министр тамак-аштын негизги түрлөрүнө болгон запас үч айга жетерин белгиледи. 14.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-14T15:24+0600
2022-03-14T15:24+0600
2022-03-14T15:25+0600
кыргызстан
азык-түлүк
айыл чарба жана мелиорация министрлиги
аскарбек жаныбеков
коопсуздук
ун
май
кумшекер
https://sputnik.kg/img/07e6/03/0e/1062828775_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_c65e95bbdd95090153116de6d0c7cfdc.jpg
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков азык-түлүк боюнча Кыргызстандагы кырдаал тууралуу маалымат берип, жакынкы жылдарга карата оптимисттик божомолдору менен бөлүштү.Министр элди көп азык-түлүк сатып алам деп ажиотаж жаратпоого чакырып, муну менен алып сатарлардын бааны көтөрүп жиберишине шарт түзүп жатканын эскертти.Анын айтымында, бүгүнкү күндө 31 компания өлкөнү ун менен камсыздайт, ар биринин кампасында 2000 тоннадан бар. Ал эми Мамлекеттик резервдер фондунда үч айлык запас сакталуу. Министр кумшекер боюнча да кам санабоого чакырды. "Кайыңды-Кант" ишканасынын кампасында 11 миң тонна кумшекер, фермерлерде 8,5 миң тонна бар. Мындан сырткары, импортчулар 1,5 миң тонна алып келген.Ошондой эле ал Россиядан 16 миң тонна жогорку түшүмдүү үрөн сатып алынып, фермерлерге 4,5 пайыз менен эки жылга кредитке берилип жатканын белгиледи."Келечекте тамак-аштын негизги түрлөрү боюнча өзүбүздү-өзүбүз камсыздап калабыз. Министрлик программа иштеп чыкты. 2023-2024-жылдары буудай, кумшекер, эт, сүт, жер-жемиш, картошка жана жумуртка менен өзүбүздү камсыздайбыз. Бир эле чабал позициябыз — өсүмдүк майы, бирок бул багытта да активдүү иш алып барып жатабыз. Мен сиздерди жакынкы жылдары өлкөдө тамак-аш коопсуздугуна тынчсызданбай каларыбызга ишендирип кетем", — деди Жаныбеков.Министр өлкө баарын өзүндө өстүрүп, импортко көз карандуулуктан акырындык менен арыла турганын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20220312/kyrgyzstan-kajsy-azyk-tuluktu-alyp-chyguuga-bolbojt-1062785128.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/0e/1062828775_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_7a05e4c95a9812adf76998f6b018b697.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, азык-түлүк, айыл чарба жана мелиорация министрлиги, аскарбек жаныбеков, коопсуздук, ун, май, кумшекер
кыргызстан, азык-түлүк, айыл чарба жана мелиорация министрлиги, аскарбек жаныбеков, коопсуздук, ун, май, кумшекер
Азык-түлүктөн кооптонбоңуздар! Айыл чарба министри пландары менен бөлүштү
15:24 14.03.2022 (Жаңыртылды: 15:25 14.03.2022) Министр тамак-аштын негизги түрлөрүнө болгон запас үч айга жетерин белгиледи.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Айыл чарба министри
Аскарбек Жаныбеков азык-түлүк боюнча Кыргызстандагы кырдаал тууралуу маалымат берип, жакынкы жылдарга карата оптимисттик божомолдору менен бөлүштү.
Министр элди көп азык-түлүк сатып алам деп ажиотаж жаратпоого чакырып, муну менен алып сатарлардын бааны көтөрүп жиберишине шарт түзүп жатканын эскертти.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө 31 компания өлкөнү ун менен камсыздайт, ар биринин кампасында 2000 тоннадан бар. Ал эми Мамлекеттик резервдер фондунда үч айлык запас сакталуу. Министр кумшекер боюнча да кам санабоого чакырды. "Кайыңды-Кант" ишканасынын кампасында 11 миң тонна кумшекер, фермерлерде 8,5 миң тонна бар. Мындан сырткары, импортчулар 1,5 миң тонна алып келген.
"Урматтуу мекендештер, Кыргызстанда азык-түлүктүн бардык түрү боюнча кооптонууга негиз жок. Ошондуктан баасы кескин өсүп кетпеши үчүн жакынкы убакытка керек боло тургандай эле сатып алыңыздар. Себеби ашыкча көлөмдө алуу ошол азык-түлүктүн баасынын кескин көтөрүлүшүнө алып келет", — деди Жаныбеков.
Ошондой эле ал Россиядан 16 миң тонна жогорку түшүмдүү үрөн сатып алынып, фермерлерге 4,5 пайыз менен эки жылга кредитке берилип жатканын белгиледи.
"Келечекте тамак-аштын негизги түрлөрү боюнча өзүбүздү-өзүбүз камсыздап калабыз. Министрлик программа иштеп чыкты. 2023-2024-жылдары буудай, кумшекер, эт, сүт, жер-жемиш, картошка жана жумуртка менен өзүбүздү камсыздайбыз. Бир эле чабал позициябыз — өсүмдүк майы, бирок бул багытта да активдүү иш алып барып жатабыз. Мен сиздерди жакынкы жылдары өлкөдө тамак-аш коопсуздугуна тынчсызданбай каларыбызга ишендирип кетем", — деди Жаныбеков.
Министр өлкө баарын өзүндө өстүрүп, импортко көз карандуулуктан акырындык менен арыла турганын кошумчалады.
12 Жалган Куран 2022, 14:27