00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров ата-бала Бердымухамедовдор менен телефондон сүйлөштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Архив
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Жазылуу
Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовго парламенттин жогорку палатасынын төрагасы катары конструктивдүү байланыштарды улантууга даяр экенин айткан.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түркмөнстандын азыркы президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана шайланган жетекчиси Сердар Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Бул тууралуу маалымдаган президенттин маалымат кызматы Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду 12-марттагы президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктаганын билдирди.
"Жапаров Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жеке көңүл бургандыгы үчүн Гурбангулы Бердымухамедовго ыраазычылык билдирди. Аны менен парламенттин жогорку палатасынын төрагасы катары конструктивдүү байланыштарды улантууга даяр экенин айтты", — деп жазылган маалыматта.
Тараптар күн тартибиндеги аймактык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашкан.
Жапаров Сердар Бердымухамедовду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, мамлекеттик жогорку кызматта ийгилик каалаган.
"Тараптар кыргыз-түркмөн кызматташтыгын талкуулады. Жапаров Түркмөнстандын шайланган президенти Сердар Бердымухамедовду 2022-жылдын 21-июлунда Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүү пландалып жаткан Борбордук Азия мамлекет башчыларынын IV консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга чакырды", — деп кабарлады маалымат кызматы.
Буга чейин Жапаров Сердар Бердымухамедовду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, телеграмма жөнөткөнү кабарланган.
Эске салсак, Түркмөнстандын президентин тандоо боюнча өткөн шайлоодо Сердар Бердымухамедов утуп чыккан.
12-мартта Түркмөнстанда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, ага калктын 97,12 пайызы катышты. Жалпысынан тогуз талапкер ат салышып, арасында учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов бар эле.
Түркмөнстан президентинин уулу Сердар Бердымухамедов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Сердар Бердымухамедов шайлоо участогуна "Жигули" менен келди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0