https://sputnik.kg/20220318/uluttuk-banktagy-altyn-zapasynyn-narky-bir-ayda-5-3-mlrd-somgo-ostu-1062930957.html
Улуттук банктагы алтын корунун наркы бир айда 5,3 млрд. сомго өстү
Улуттук банктагы алтын корунун наркы бир айда 5,3 млрд. сомго өстү
Sputnik Кыргызстан
Былтыр алтындын запасынын наркы өйдө-ылдый чыгып турган, май айында рекорддук көрсөткүчкө жетсе, сентябрда 29 миллиардга чейин түшүп кеткен. 18.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-18T09:53+0600
2022-03-18T09:53+0600
2022-03-18T10:06+0600
кыргызстан
алтын
запас
экономика
улуттук банк
https://sputnik.kg/img/07e5/06/17/1052974717_0:148:2851:1752_1920x0_80_0_0_cac87862cdec7fab670a3de9555dbd2a.jpg
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Февраль айында Улуттук банктагы (УБ) алтындын кору 5,3 миллиард 342,7 миллион сомго өстү.1-февралга карата ал 49 миллиард 691,3 миллион сом болсо, марттын башындагы көрсөткүчкө сереп салсак, сумма 55 миллиард 34 миллионго чейин өскөн. Баалуу металлдардын Лондон ассоциациясынын кечки фиксинги боюнча февраль ичинде байкалаарлык эле, тагыраагы, бир унциясына 122 долларга жогорулаган.Аны менен катар эле февралдын башынан 1-мартка чейин доллардын курсу өскөн, УБнын расмий курсу менен алганда 8,5 сомго секирик жасаган.Алтын корунун наркы кантип өзгөрдүБылтыр туруктуу болбой, өйдө-ылдый чыгып турган, тагыраагы, майда рекорддук көрсөткүчө жетсе, сентябрга карата 29 миллиардга төмөндөп кеткен.Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат: SDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви жана төлөө каражаттары) жана алтын.Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
https://sputnik.kg/20220316/kyrgyzstan-bank-kredit-stavka-ostu-1062897803.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/17/1052974717_159:0:2692:1900_1920x0_80_0_0_ea0c0341aecfaed7bb18a105eef19beb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, алтын, запас, экономика, улуттук банк
кыргызстан, алтын, запас, экономика, улуттук банк
Улуттук банктагы алтын корунун наркы бир айда 5,3 млрд. сомго өстү
09:53 18.03.2022 (Жаңыртылды: 10:06 18.03.2022) Былтыр алтындын запасынын наркы өйдө-ылдый чыгып турган, май айында рекорддук көрсөткүчкө жетсе, сентябрда 29 миллиардга чейин түшүп кеткен.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Февраль айында Улуттук банктагы (УБ) алтындын кору 5,3 миллиард 342,7 миллион сомго өстү.
1-февралга карата ал 49 миллиард 691,3 миллион сом болсо, марттын башындагы көрсөткүчкө сереп салсак, сумма 55 миллиард 34 миллионго чейин өскөн. Баалуу металлдардын Лондон ассоциациясынын кечки фиксинги боюнча февраль ичинде байкалаарлык эле, тагыраагы, бир унциясына 122 долларга жогорулаган.
Аны менен катар эле февралдын башынан 1-мартка чейин доллардын курсу өскөн, УБнын расмий курсу менен алганда 8,5 сомго секирик жасаган.
Алтын корунун наркы кантип өзгөрдү
Былтыр туруктуу болбой, өйдө-ылдый чыгып турган, тагыраагы, майда рекорддук көрсөткүчө жетсе, сентябрга карата 29 миллиардга төмөндөп кеткен.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат: SDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви жана төлөө каражаттары) жана алтын.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе
Telegram каналыбызга катталыңыз.
16 Жалган Куран 2022, 18:58