https://sputnik.kg/20220324/sadyr-zhaparov-kajryluu-mart-ehldik-revolyuciyasy-1063080667.html
24-мартта нагыз элдик революция жасалган. Садыр Жапаровдун элге кайрылуусу
24-мартта нагыз элдик революция жасалган. Садыр Жапаровдун элге кайрылуусу
Sputnik Кыргызстан
Жапаров 2005-жылы 24-мартта коом адилетсиздикке жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы нагыз элдик революция жасаганын, ал өз максатына канчалык жеткен-жетпегени... 24.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-24T10:02+0600
2022-03-24T10:02+0600
2022-03-24T10:03+0600
кыргызстан
садыр жапаров
март
революция
кайрылуу
президент
https://sputnik.kg/img/103248/89/1032488922_0:0:2001:1125_1920x0_80_0_0_f174d18476e29e5e885e8f493afc6d22.jpg
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта, Элдик революция күнүндө кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.Мамлекет башчы кайрылуусунда соңку жылдагы ыңкылаптар бийлик үчүн чоң сабак алуучу тарыхый фактылар экенин белгилеп, алдыда элдин үмүтүн актап, тилектерин орундатуу милдети турганын белгилеген.Ошондой эле учурда дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланышкан экономикалык оор абалды эл бекем ынтымак менен жеңип чыгарына ишеним артып, бул үчүн бийлик аракет көрүп жатканын айткан.Президенттин кайрылуусун толугу менен беребиз."Урматтуу мекендештер!Кыргыз эли — эзелтен азаттыгы үчүн жан аябай күрөшүп келген баатыр эл, эркиндикти туу туткан, калыстыгы жок бийлик менен келише албаган кайраттуу калк. Ошол улуу көчмөндөрдүн урпактары катары азыркы кыргыз коомчулугу дагы адам укуктарын басмырлоого жол бербеген, сөз эркиндигин жогору койгон, улуттук ар-намыс үчүн тайманбай күрөшкөн жаратман эл экенин дүйнө элине көрсөтө алды.2005-жылдын 24-мартында коомубуз адилетсиздикке жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы нагыз элдик революция жасады. Ал өз максатына канчалык жеткен-жетпегени башка кеп.Мамлекет тагдырында бурулуш окуя катары бааланган парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондуктан өлкөнүн булуң-бурчунда элдик толкундоолор күч алып, акыры анын үнүн укпаган, текебер мамиле менен элдин эркине каршы чечимдерди кабыл алган бийлик кулатылган.Кечээ жакында эле белгиленген Аксы коогалаңы, андан берки ыңкылаптар — бири-бирине тыгыз байланыштуу окуялар. Алар Кыргызстандын соңку тарыхындагы кайсыл гана бийлик болбосун чоң сабак алуучу тарыхый фактылардан болуп калды.Алдыбызда демократия жолунда өнүгүүгө умтулган элибиздин үмүтүн актап, тилектерин орундатуу милдети турат. Ал үчүн ар кандай келечектүү багыттарда өзгөрүүлөрдү жасап, реформаларды жүзөгө ашырабыз деген мүдөө-максаттарыбыз бар.Урматтуу кыргызстандыктар!Элибиз башка түшкөн кыйынчылыктар менен сыноолорду ынтымак, биримдик аркылуу жеңип, бүгүнкү күнгө чейин эгемендигин сактап келе жатат. Ата-баба жолун аздектеп келген кыргыз калкы мындан ары дагы эркиндик, азаттык, акыйкаттык деминен эч качан жанбастыгына бекем ишенем.Далай чоң сыноолорду башынан кечирген элибиз бүгүнкү күндө дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланышкан экономикадагы оор абалды дагы бекем ынтымакка, бузулгус биримдикке таянып жеңип чыгарын бөркүмдөй көрөм. Ал үчүн туруктуулукту сактап, экономикалык өсүү ыргагын камсыздоо үчүн күч үрөп жатабыз.Кыргызстаныбызда тынчтык, кыргыз коомчулугунда урагыс ынтымак болсун!".Март революциясыБүгүн, 24-мартта, "жоогазын ыңкылабы" деп аталган ири саясий окуяга 17 жыл толду. Элдик толкундоолор 2005-жылы 11-мартта Жалал-Абадда башталып, ал Кыргызстандын бардык аймактарына жайылган. 24-мартта оппозиция өкмөт үйүн басып алган. Ал эми кечинде Бишкекте мародерлук башталган.Ошол учурдагы президент Аскар Акаев үй-бүлөсү менен Россияга чыгып кетип, ошондон бери ал жакта жашайт. Жаңы мамлекет башчысы болуп Курманбек Бакиев шайланган. Ал дагы беш жылдан кийин, 2010-жылы апрелде, бийликтен кулатылган. Бакиевдин учурунда 24-март — Элдик революция күнү деп майрам катары белгиленип келген. 2012-жылы бул дата майрам деп белгиленбей, бирок 2016-жылы эскерүү күн катары жарыяланган.Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
https://sputnik.kg/20220317/kyrgyzstan-aksy-okuyasy-kargasha-taberik-surot-1062907702.html
https://sputnik.kg/20220317/sadyr-zhaparov-aksy-okuyasy-kajryluu-1062904682.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103248/89/1032488922_0:0:1785:1339_1920x0_80_0_0_7d51fedaee47c51313ca01a14f7059f7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, март, революция, кайрылуу, президент
кыргызстан, садыр жапаров, март, революция, кайрылуу, президент
24-мартта нагыз элдик революция жасалган. Садыр Жапаровдун элге кайрылуусу
10:02 24.03.2022 (Жаңыртылды: 10:03 24.03.2022) Жапаров 2005-жылы 24-мартта коом адилетсиздикке жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы нагыз элдик революция жасаганын, ал өз максатына канчалык жеткен-жетпегени башка кеп экенин белгилеген.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы
Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта, Элдик революция күнүндө кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчы кайрылуусунда соңку жылдагы ыңкылаптар бийлик үчүн чоң сабак алуучу тарыхый фактылар экенин белгилеп, алдыда элдин үмүтүн актап, тилектерин орундатуу милдети турганын белгилеген.
Ошондой эле учурда дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланышкан экономикалык оор абалды эл бекем ынтымак менен жеңип чыгарына ишеним артып, бул үчүн бийлик аракет көрүп жатканын айткан.
Президенттин кайрылуусун толугу менен беребиз.
Кыргыз эли — эзелтен азаттыгы үчүн жан аябай күрөшүп келген баатыр эл, эркиндикти туу туткан, калыстыгы жок бийлик менен келише албаган кайраттуу калк. Ошол улуу көчмөндөрдүн урпактары катары азыркы кыргыз коомчулугу дагы адам укуктарын басмырлоого жол бербеген, сөз эркиндигин жогору койгон, улуттук ар-намыс үчүн тайманбай күрөшкөн жаратман эл экенин дүйнө элине көрсөтө алды.
2005-жылдын 24-мартында коомубуз адилетсиздикке жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы нагыз элдик революция жасады. Ал өз максатына канчалык жеткен-жетпегени башка кеп.
Мамлекет тагдырында бурулуш окуя катары бааланган парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондуктан өлкөнүн булуң-бурчунда элдик толкундоолор күч алып, акыры анын үнүн укпаган, текебер мамиле менен элдин эркине каршы чечимдерди кабыл алган бийлик кулатылган.
Кечээ жакында эле белгиленген Аксы коогалаңы, андан берки ыңкылаптар — бири-бирине тыгыз байланыштуу окуялар. Алар Кыргызстандын соңку тарыхындагы кайсыл гана бийлик болбосун чоң сабак алуучу тарыхый фактылардан болуп калды.
Алдыбызда демократия жолунда өнүгүүгө умтулган элибиздин үмүтүн актап, тилектерин орундатуу милдети турат. Ал үчүн ар кандай келечектүү багыттарда өзгөрүүлөрдү жасап, реформаларды жүзөгө ашырабыз деген мүдөө-максаттарыбыз бар.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Элибиз башка түшкөн кыйынчылыктар менен сыноолорду ынтымак, биримдик аркылуу жеңип, бүгүнкү күнгө чейин эгемендигин сактап келе жатат. Ата-баба жолун аздектеп келген кыргыз калкы мындан ары дагы эркиндик, азаттык, акыйкаттык деминен эч качан жанбастыгына бекем ишенем.
Далай чоң сыноолорду башынан кечирген элибиз бүгүнкү күндө дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланышкан экономикадагы оор абалды дагы бекем ынтымакка, бузулгус биримдикке таянып жеңип чыгарын бөркүмдөй көрөм. Ал үчүн туруктуулукту сактап, экономикалык өсүү ыргагын камсыздоо үчүн күч үрөп жатабыз.
Кыргызстаныбызда тынчтык, кыргыз коомчулугунда урагыс ынтымак болсун!".
Бүгүн, 24-мартта, "жоогазын ыңкылабы" деп аталган ири саясий окуяга 17 жыл толду. Элдик толкундоолор 2005-жылы 11-мартта Жалал-Абадда башталып, ал Кыргызстандын бардык аймактарына жайылган. 24-мартта оппозиция өкмөт үйүн басып алган. Ал эми кечинде Бишкекте мародерлук башталган.
Ошол учурдагы президент Аскар Акаев үй-бүлөсү менен Россияга чыгып кетип, ошондон бери ал жакта жашайт. Жаңы мамлекет башчысы болуп Курманбек Бакиев шайланган. Ал дагы беш жылдан кийин, 2010-жылы апрелде, бийликтен кулатылган. Бакиевдин учурунда 24-март — Элдик революция күнү деп майрам катары белгиленип келген. 2012-жылы бул дата майрам деп белгиленбей, бирок 2016-жылы эскерүү күн катары жарыяланган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе
Telegram каналыбызга катталыңыз.
17 Жалган Куран 2022, 12:02
17 Жалган Куран 2022, 10:08