52 окуучу жеңүүчү болду: республикалык билим таймашы аяктады. Сүрөт
22:41 26.03.2022 (Жаңыртылды: 22:42 26.03.2022)
© Фото / пресс-служба МОиН КРБишкекте республикалык олимпиадагы окуучулар
![Бишкекте республикалык олимпиадагы окуучулар Бишкекте республикалык олимпиадагы окуучулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/03/1a/1063172407_488:595:3072:2048_1920x0_80_0_0_72bd883efaf766aa18c7daf8e9cbb71d.jpg)
© Фото / пресс-служба МОиН КР
Жазылуу
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу соңку эки жылдан бери олимпиаданын республикалык этабы өткөрүлбөй, облустук масштабы менен жыйынтыкталып келген.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкекте мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жыйынтыкталып, жеңүүчү болгон 52 окуучуга министрликтин диплому жана бирден планшет тапшырылды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба МОиН КРБишкекте мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жыйынтыкталып, жеңүүчү болгон 52 окуучуга министрликтин диплому жана бирден планшет тапшырылды
![Завершение Республиканской олимпиады школьников Завершение Республиканской олимпиады школьников - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/03/1a/1063172404_0:0:3199:2048_1920x0_80_0_0_3ef6ba6b04d19af5c93c68ce47979c89.jpg)
Бишкекте мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жыйынтыкталып, жеңүүчү болгон 52 окуучуга министрликтин диплому жана бирден планшет тапшырылды
© Фото / пресс-служба МОиН КР
"Олимпиада 12 окуу предметинен өткөрүлүп, ага республиканын бардык аймагынан олимпиаданын облустук этабында 1-2-орундарды ээлеген 323 окуучу катышты", — деп айтылган маалыматта.
Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси менен министрликтин сайтынан тааныша аласыздар.
Билим жарышы Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде жана "Айчүрөк" кыздар лицейинде болгон.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу соңку эки жылдан бери олимпиаданын IV (республикалык) этабы өткөрүлбөй, окуучуларды колдоо максатында III этап жыйынтыктоочу этап болуп эсептелип келген.