00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аягына чыгам! Сеид Атамбаев депутаттарды Алмаз Атамбаевдин ишин иликтөөгө чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Сеидбек Атамбаев
Депутат Жогорку Кенеша Сеидбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Жазылуу
Эл өкүлү кандай болсо да бул ишти аягына чыгара турганын айтты.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев атасы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соңку иши боюнча депутаттык комиссия түзүп, иликтөөнү сунуштады.
Ал Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) жумушчулары Атамбаевди сотко күчкө салып алып кетишкенин белгиледи.
"Барып сүйлөшсөм чынында жаракат алыптыр. Ошону иликтеп чыксак жакшы болмок эле. Себеби Жаза аткаруу кызматы видео байкоого тартылган жазууларды бербей жатат. Маалымат кызматы "өз ыктыяры менен барып кийимин чечип, жаман сөздөр менен сүйлөгөн" деп тараткан билдирүүсү жалган. Депутаттык комиссия түзүп, ушуну иликтеп чыгышыбыз керек. Себеби бул жерде кызыкчылыктар кагылышы бар. ЖАК төрагасынын орун басары Рахатбек Жапаров өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун иниси болуп жатат. Кудасы ким экенин өзүңүздөр билесиздер", — деди Атамбаев.
Ошондой эле ал кандай болсо да бул ишти аягына чыгара турганын айтты.
"Бир жумадан кийин аны башка түрмөгө которот. Өмүрүнө коркунуч бар. Айтып коёюн, Алмазбек Атамбаев эч качан өмүрүнө кол салбайт. Эгер башы жарылып же тамакка какап өлүп калса, мен түздөн-түз ушул бийлик кол көтөрдү деп эсептейм", — деди депутат.
Эске салсак, 23-март күнү жактоочу Замир Жоошев Атамбаевди абактан күч колдонуу менен Биринчи май райондук сотуна алып келгенин билдирген. Анын айтымында, № 47 колониянын кызматкерлери аны абактан футболка, ич кийимчен мажбурлап алып чыгып конвоирлерге өткөрүп берген. Эртеси Атамбаевдин тарапташтары ага жасалган мамилеге нааразы болуп түрмөнүн алдында митинг уюштурган.
Андан көп өтпөй Кыйноолорду алдын алуу борбору мурдагы Атамбаев аталган окуяга байланыштуу абакка барып, экс-президенттен кабар алган. Маектешүү учурунда Атамбаевдин буту-колу көгөргөнү аныкталганын билдирип, ал жана башка жагдайлар боюнча бир нече акт түзүшкөн. Белгиленген фактылар боюнча Кыйноолорду алдын алуу борбору тиешелүү органдарга кайрылуу жибере турганы айтылган. Андан сырткары акыйкатчынын өкүлдөрү да барган.
Атамбаевди сотко алып келгени боюнча ЖАК өзүнүн маалыматын тараткан. 25-мартта президент Садыр Жапаров да бул окуя тууралуу үн каткан.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2022
Жактоочу: Атамбаевди сотко ич кийимчен, футболкачан күчтөп алып келишти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0