00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Министр Бекмурзаев: Камбар-Ата-1 ГЭСин жайында кура баштайбыз

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЭнергетика министри Доскул Бекмурзаев. Архив
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
Жазылуу
Доскул Бекмурзаевдин айтымында, Кыргызстандын Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга башка мамлекеттердин көмөгүсүз эле кудурети жетет.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу июнь-июль айларында башталат. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Министрдин айтымында, бул акыркы 30-40 жылдагы эң ири долбоор. Ошондой эле анын суу сактагычында 5 миллиард куб метр суу топтоого мүмкүн экенин, бул суу тартыштыгы көйгөйүн чечерин кошумчалады.
"Долбоорго Өзбекстан менен Казакстан катышууга ниеттенүүдө. Алардын инвестициясынын көлөмү май айында билинет. Ошол эле учурда Кыргызстан башка мамлекеттердин көмөгүсүз эле станцияны курууга кудурети жетерине ишенем", — деди министр.

Камбар-Ата-1 ГЭСи тууралуу

Камбар-Ата-1 ГЭСи кубаттуулугу боюнча 1 860 мегаватты түзүп (Токтогул ГЭСинен бир жарым эсе чоңдук кылмакчы), жылына 5,6 миллиард киловатт-саат электр кубатын иштеп чыгары кабарланган. Салыштыруу үчүн айтсак, былтыр өлкөдө 15 миллиард киловатт-саат өндүрүлгөн. Сөз болуп жаткан ГЭС Токтогулдан жогорураак, Нарын дарыясына салынмакчы. Плотинанын бийиктиги 256 метр болору айтылууда. Суу сактагычтын көлөмү 5,4 миллион куб метр болмокчу. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, долбоорго жумшалган каражаттын суммасы 2,9 миллиард долларга чыгат.
Объект өзүн-өзү 12 жылда актай тургандыгы айтылат. Тактап кете турган маанилүү учур, мында CASA-1000 долбоору эске алынат. Электр төрт мамлекеттин — Кыргызстандын, Тажикстандын, Афганистандын жана Пакистандын аймагынан өтмөкчү. Долбоор Борбор Азия мамлекеттерине өндүрүштөн электр кубатын чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.
Камбар-Ата-1 ГЭСин башында "Интер РАО" ишканасы кура турган болгон. Бул боюнча макулдашууга 2012-жылы кол коюлган. Анткен менен ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Россия долбоор боюнча милдетин аткара албастыгын айтып, эки макулдашууну жокко чыгарган. Экинчиси Жогорку Нарын каскады боюнча эле.
Ал эми 2017-жылы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Камбар-Ата ГЭСи боюнча долбоорго катышууга макул экендигин билдирген жайы бар. Бирок биринчи же экинчи станциянын кайсынысы экендигин так айткан эмес.
Былтыр президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна инвестициялык долбоор тартуу тууралуу келишимге кол коюлган.
Жогорку вольттуу электр берүү линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Пресс-борбор
Кыргызстан менен Кытай энергетика боюнча кантип кызматташат? 5 багыт
Жаңылыктар түрмөгү
0