Президенттин убадасы аткарыла элек! Ак-Ордо-3 конушунун тургундары чогулду. Видео
Президенттин убадасы аткарыла элек! Ак-Ордо-3 конушунун тургундары чогулду. Видео
Sputnik Кыргызстан
Чогулгандардын айтымында, президент 1-апрелге чейин тургундардын жерлери мыйзамдаштырылып, жолдору оңдолорун убадалаган. 03.04.2022, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бүгүн, 3-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүндөгү Ак-Ордо-3 конушунун тургундары президент Садыр Жапаровдун буга чейинки убадалары аткарылбай жатканына нааразы болуп чогулду.Алардын айтымында, президент 1-апрелге чейин жерлери мыйзамдаштырылып, жолдору оңдолорун убадалаган. Азыр анын бири аткарыла элек. Ошол себептен тургундар Жапаровдон бул маселени жеке көзөмөлүнө алууну суранышты.Нургазы аттуу тургун жашоочулар президенттин убадасы аткарылбай жатканына нааразы болуп жатканын кошумчалаган."Урматтуу Садыр Нургожоевич, 2021-жылдын ноябрь айында жол маселеси 1-апрелге чейин чечилерин айткансыз. Биз тиешелүү органдарга кайрылдык. Анын ичинде эки жолу Транспорт министрлигине бардык. Алар акча бөлүнгөн, долбоор бар дешкен. Бирок жол азыркыга чейин жасала элек. Эл кыйналды, бул жолдон өтүүгө мүмкүн болбой калды", — деген ал.Эске салсак, 2021-жылдын ноябрь айында Садыр Жапаров Ак-Ордо-3 жаңы конушунун тургундары менен жолугуп, Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге жашоочулар тарабынан айтылган көйгөйлөрдү мүмкүн болушунча тез арада жөнгө салып, конуштагы тилкелерге ээлик кылууга укук берүүчү документтерди жана техникалык паспортторду берүү маселесин чечүүнү тапшырган. Президент май айына чейин ээлик кылууга укук берүүчү документтери жана техпаспорту жок үй болбошу керектигин айткан.
Чогулгандардын айтымында, президент 1-апрелге чейин тургундардын жерлери мыйзамдаштырылып, жолдору оңдолорун убадалаган.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бүгүн, 3-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүндөгү Ак-Ордо-3 конушунун тургундары президент Садыр Жапаровдун буга чейинки убадалары аткарылбай жатканына нааразы болуп чогулду.
Алардын айтымында, президент 1-апрелге чейин жерлери мыйзамдаштырылып, жолдору оңдолорун убадалаган. Азыр анын бири аткарыла элек. Ошол себептен тургундар Жапаровдон бул маселени жеке көзөмөлүнө алууну суранышты.
Бүгүн, 3-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүндөгү Ак-Ордо-3 конушунун тургундары президент Садыр Жапаровдун буга чейинки убадалары аткарылбай жатканына нааразы болуп чогулду
Бүгүн, 3-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүндөгү Ак-Ордо-3 конушунун тургундары президент Садыр Жапаровдун буга чейинки убадалары аткарылбай жатканына нааразы болуп чогулду
Бүгүн, 3-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүндөгү Ак-Ордо-3 конушунун тургундары президент Садыр Жапаровдун буга чейинки убадалары аткарылбай жатканына нааразы болуп чогулду
Азыр анын бири аткарыла элек. Ошол себептен тургундар Жапаровдон бул маселени жеке көзөмөлүнө алууну суранышты.
"Ноябрдагы чогулушта сиз 1-апрелге чейин кызыл китептерди аласыңар дегенсиз. Бирок андай болгон жок. Биз жерлерди ортомчуларсыз мыйзамдаштырууну суранабыз. Азыр мамлекеттик органдар бул жерден жети үйдү түрттүрөбүз деп жатат. Маселени көзөмөлүңүзгө алууну өтүнөбүз", — деди конуш тургуну Ашыр.
Нургазы аттуу тургун жашоочулар президенттин убадасы аткарылбай жатканына нааразы болуп жатканын кошумчалаган.
"Урматтуу Садыр Нургожоевич, 2021-жылдын ноябрь айында жол маселеси 1-апрелге чейин чечилерин айткансыз. Биз тиешелүү органдарга кайрылдык. Анын ичинде эки жолу Транспорт министрлигине бардык. Алар акча бөлүнгөн, долбоор бар дешкен. Бирок жол азыркыга чейин жасала элек. Эл кыйналды, бул жолдон өтүүгө мүмкүн болбой калды", — деген ал.
Эске салсак, 2021-жылдын ноябрь айында Садыр Жапаров Ак-Ордо-3 жаңы конушунун тургундары менен жолугуп, Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге жашоочулар тарабынан айтылган көйгөйлөрдү мүмкүн болушунча тез арада жөнгө салып, конуштагы тилкелерге ээлик кылууга укук берүүчү документтерди жана техникалык паспортторду берүү маселесин чечүүнү тапшырган. Президент май айына чейин ээлик кылууга укук берүүчү документтери жана техпаспорту жок үй болбошу керектигин айткан.