https://sputnik.kg/20220403/aksh-meksika-benzin-tartyshtyk-1063362035.html
АКШлыктар бензинди жапырт куюп кетип, Мексикада тартыштык башталды
АКШлыктар бензинди жапырт куюп кетип, Мексикада тартыштык башталды
Sputnik Кыргызстан
Россиянын энергия булактарынын импортуна тыюу салынгандан кийин АКШда бензин рекорддук баага жетти. Эң жогорку көрсөткүч 11-мартта болгон, анда бир галлон (3,7... 03.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-03T18:26+0600
2022-04-03T18:26+0600
2022-04-03T18:26+0600
акш
мексика
бензин
тартыштык
баа
дүйнөдө
https://sputnik.kg/img/07e6/04/03/1063360588_0:305:3073:2033_1920x0_80_0_0_5c8ea171581129512154e33206007904.jpg
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Мексиканын АКШ менен чектеш аймактарында күйүүчү майдын жетишсиздиги байкала баштады. Буга америкалыктардын жапырт коңшу өлкөгө кирип май куюп кетип жатканы себеп болгонун Мексиканын Финансы министрлигине шилтеме берип РИА Новости жазды.2-апрелден бери Мексикада күйүүчү майга субсидиялар убактылуу жокко чыгарылган. Бирок ага карабай күйүүчү майдын баасы дагы эле АКШга караганда төмөн бойдон калууда.Россиянын энергия булактарынын импортуна тыюу салынгандан кийин АКШда бензин рекорддук баага жетти. Эң жогорку көрсөткүч 11-мартта болгон, анда бир галлон (3,7 литр) 4,3-5,82 долларга чейин көтөрүлгөн.Эске салсак, мартта президент Жо Байден Кошмо Штаттар Россиядан мунай жана күйүүчү майдын бардык түрүн импорттоого тыюу салганын жарыялаган. Мындай кадам мунай заттын баасына болгон кырдаалды ого бетер курчутту. Ансыз да соңку күндөрү нефтинин баррели 100 долларга көтөрүлгөн.
https://sputnik.kg/20220331/franciya-kujuuchu-maj-miting-1063281220.html
акш
мексика
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/03/1063360588_108:0:2839:2048_1920x0_80_0_0_8a882db40a0d9abd1931401f79813bae.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
акш, мексика, бензин, тартыштык, баа, дүйнөдө
акш, мексика, бензин, тартыштык, баа, дүйнөдө
АКШлыктар бензинди жапырт куюп кетип, Мексикада тартыштык башталды
Россиянын энергия булактарынын импортуна тыюу салынгандан кийин АКШда бензин рекорддук баага жетти. Эң жогорку көрсөткүч 11-мартта болгон, анда бир галлон (3,7 литр) 4,3-5,82 долларга чейин көтөрүлгөн.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Мексиканын АКШ менен чектеш аймактарында күйүүчү майдын жетишсиздиги байкала баштады. Буга америкалыктардын жапырт коңшу өлкөгө кирип май куюп кетип жатканы себеп болгонун Мексиканын Финансы министрлигине шилтеме берип
РИА Новости жазды.
“Чек ара аймагындагы бензиндин тартыштыгына дүйнөдө күйүүчү майдын кымбаттаганы себеп экени талашсыз. Бирок Мексикада АКШга караганда баанын төмөн болуп жатканы америкалыктарды өтө кызыктырууда. Мындан улам алар майды куюп кетип, мексикалыктардын өздөрүндө көйгөй жаралууда”, — деп жазылат кабарда.
2-апрелден бери Мексикада күйүүчү майга субсидиялар убактылуу жокко чыгарылган. Бирок ага карабай күйүүчү майдын баасы дагы эле АКШга караганда төмөн бойдон калууда.
Россиянын энергия булактарынын импортуна тыюу салынгандан кийин АКШда бензин рекорддук баага жетти. Эң жогорку көрсөткүч 11-мартта болгон, анда бир галлон (3,7 литр) 4,3-5,82 долларга чейин көтөрүлгөн.
Эске салсак, мартта президент Жо Байден Кошмо Штаттар Россиядан мунай жана күйүүчү майдын бардык түрүн импорттоого тыюу салганын жарыялаган. Мындай кадам мунай заттын баасына болгон кырдаалды ого бетер курчутту. Ансыз да соңку күндөрү нефтинин баррели 100 долларга көтөрүлгөн.
31 Жалган Куран 2022, 11:55