https://sputnik.kg/20220409/balany-mektepke-kattoo-1063510956.html
Эки күндөн кийин 1-класска электрондук каттоо башталат. Бирок баарына эмес
Эки күндөн кийин 1-класска электрондук каттоо башталат. Бирок баарына эмес
Sputnik Кыргызстан
Баланы 1-класска мектепке каттоо үчүн ата-эненин аты-жөнү, паспорттогу маалыматтарын жазып, ПИН номерин тергенде эле система анын юридикалык катталган жери... 09.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-09T10:22+0600
2022-04-09T10:22+0600
2022-04-09T10:22+0600
кыргызстан
электрондук каттоо
мектеп
1-класс
https://sputnik.kg/img/103499/18/1034991881_0:0:1280:721_1920x0_80_0_0_c74defc3f84fa2438cb91bad6339915b.jpg
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. 11-апрелден тарта юридикалык жашаган жери боюнча балдарды 1-класска электрондук каттоо башталат.Билим берүү министрлигинин маалыматында, электрондук каттоо системасы саат 9:00дө иштеп баштайт. Юридикалык жери боюнча каттоо бул ата-энеси мектеп жайгашкан микроучастоктордо катталгандарга тиешелүү. Биринчи этап 27-июнга чейин созулуп, 27-июндан 10-августка чейин экинчи этап уланат. Анда юридикалык каттоосу башка жактагы ата-энелер (факт боюнча катталгандар) балдарын 1-класска мектепке каттайт.Баланы мектепке каттоо үчүн ата-эненин бир системага аты-жөнү, паспорттогу маалыматтарын жазып, ПИН номерин тергенде эле анын юридикалык катталган жери боюнча мектепти сунушталат. Ата-эне өзү жашаган жердеги эле мектепке бере алат. Эгер ага макул болбосо, экинчи этапты күтөт.Белгилей кетсек, баланы 1-класска электрондук каттоо быйыл Кыргызстандын бардык аймактарында ишке ашат. Башкача айтканда, ата-энелер шаар, айылда жашаганына карабай баласын мектепке дал ушул система менен гана киргизе алат.Электрондук каттоо боюнча кененирээк маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.
https://sputnik.kg/20220304/balany-1-klasska-kattoo-adis-menen-maek-1062602836.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103499/18/1034991881_104:0:1243:854_1920x0_80_0_0_8ab55debb4c772a8141d59c8c0ff2bb0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, электрондук каттоо, мектеп, 1-класс
кыргызстан, электрондук каттоо, мектеп, 1-класс
Эки күндөн кийин 1-класска электрондук каттоо башталат. Бирок баарына эмес
Баланы 1-класска мектепке каттоо үчүн ата-эненин аты-жөнү, паспорттогу маалыматтарын жазып, ПИН номерин тергенде эле система анын юридикалык катталган жери боюнча мектепти сунуштайт.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. 11-апрелден тарта юридикалык жашаган жери боюнча балдарды 1-класска электрондук каттоо башталат.
Билим берүү министрлигинин маалыматында,
электрондук каттоо системасы саат 9:00дө иштеп баштайт. Юридикалык жери боюнча каттоо бул ата-энеси мектеп жайгашкан микроучастоктордо катталгандарга тиешелүү. Биринчи этап 27-июнга чейин созулуп, 27-июндан 10-августка чейин экинчи этап уланат. Анда юридикалык каттоосу башка жактагы ата-энелер (факт боюнча катталгандар) балдарын 1-класска мектепке каттайт.
Баланы мектепке каттоо үчүн ата-эненин бир системага аты-жөнү, паспорттогу маалыматтарын жазып, ПИН номерин тергенде эле анын юридикалык катталган жери боюнча мектепти сунушталат. Ата-эне өзү жашаган жердеги эле мектепке бере алат. Эгер ага макул болбосо, экинчи этапты күтөт.
Белгилей кетсек, баланы 1-класска электрондук каттоо быйыл Кыргызстандын бардык аймактарында ишке ашат. Башкача айтканда, ата-энелер шаар, айылда жашаганына карабай баласын мектепке дал ушул система менен гана киргизе алат.
Электрондук каттоо боюнча кененирээк маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган
материалдан окуй аласыздар.4 Жалган Куран 2022, 20:10