https://sputnik.kg/20220412/iim-chontok-uuruluk-bishkekte-kop-zhasalat-1063577602.html
Чөнтөкчүлөрдүн 80%ы Бишкекте. Уурудан кантип сак болуу керек
Чөнтөкчүлөрдүн 80%ы Бишкекте. Уурудан кантип сак болуу керек
Sputnik Кыргызстан
Министрлик уурулуктун бул түрү базар жана соода борборлордо, автобуста жана аялдамада жасала турганын эске салды. 12.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-12T11:16+0600
2022-04-12T11:16+0600
2022-04-12T11:18+0600
бишкек
иим
министрлик
чөнтөкчү
уурулук
https://sputnik.kg/img/102493/74/1024937423_0:47:5022:2872_1920x0_80_0_0_49bdf36b32de4fb18f278367409da3e1.jpg
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде 784 чөнтөк уурулук жасалып, 220 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.Ага ылайык, чөнтөк уурулук кылгандардын 80 пайызы Бишкек шаарында катталган.Министрлик уурулуктун бул түрү эл көп болгон жерде: базар жана соода борборлордо, автобуста жана аялдамада жасала турганын эске салды.Мындан улам ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы уурулардан сак болуу үчүн кеңештерди сунуштаган:ИИМ буюм-тайымын уурдаткандар 102 номери аркылуу милицияга дароо кайрылышы керектигин эске салды.
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102493/74/1024937423_558:0:5022:3348_1920x0_80_0_0_d0195abdf0c076be12ad04b40683e63d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
бишкек, иим, министрлик, чөнтөкчү, уурулук
бишкек, иим, министрлик, чөнтөкчү, уурулук
Чөнтөкчүлөрдүн 80%ы Бишкекте. Уурудан кантип сак болуу керек
11:16 12.04.2022 (Жаңыртылды: 11:18 12.04.2022) Министрлик уурулуктун бул түрү базар жана соода борборлордо, автобуста жана аялдамада жасала турганын эске салды.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде 784 чөнтөк уурулук жасалып, 220 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, чөнтөк уурулук кылгандардын 80 пайызы Бишкек шаарында катталган.
Министрлик уурулуктун бул түрү эл көп болгон жерде: базар жана соода борборлордо, автобуста жана аялдамада жасала турганын эске салды.
Мындан улам ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы уурулардан сак болуу үчүн кеңештерди сунуштаган:
жол киреге акчаны алдын ала даярдаңыз, уурунун көңүлүн буруп унаадан же аялдамадан капчыгыңызды алып чыкпаңыз;
жаныңызда чоң суммадагы акча болсо сыдырма менен бекиген чөнтөккө салыңыз. Мындайда жол киреге деген каражатты өзүнчө бөлүп койсоңуз болот. Көп акча алып жүргөндө таксиге түшкөн да оң;
капчык кийимдин сыртынан байкалып же чыгып турса дагы ууруларды өзүнө тартат;
транспортко түшкөндө сумканы жакшылап бекитип, ийинге артып таштап койбой, алды жакка жылдырып кармаңыз;
капчык менен уюлдук телефонду арткы чөнтөккө салбаңыз.
ИИМ буюм-тайымын уурдаткандар 102 номери аркылуу милицияга дароо кайрылышы керектигин эске салды.