00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Макиева: эмчек рагы диагнозу коюлган соң төрөбөй туруу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз-орус славян университетинин онкология жана нур терапиясы кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору, онколог, маммолог Кыял Макиева
Кыргыз-орус славян университетинин онкология жана нур терапиясы кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору, онколог, маммолог Кыял Макиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Жазылуу
Кыргыз-орус славян университетинин онкология жана нур терапиясы кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору, онколог, маммолог Кыял Макиева дарыгерлер эмчек рагынын баштапкы стадиясында толук айыгып кетүүгө кепилдик бере алышарын айтты.
Эмчек рагына кабылган аялды "төрөп алсаң айыгасың" деген жаңылыш түшүнүк. Бул тууралуу Кыял Макиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Макиева: эмчек рагы диагнозу коюлган соң төрөбөй туруу керек
Анын айтымында, сүт бездеринде залал шишик табылган учурда кош бойлуулук илдетти күчөтүп жиберет.
"Рак диагнозу жаңыдан коюлуп, өзгөчө ал баштапкы стадиясында болсо адатта аялдар кеңешкени гинекологуна барышат. Айрым гинекологдор бул учурда төрөп алууну сунушташат. Алардын пикиринде, мындай жол менен айыгып кетсе болот. Бирок биз, онкологдор, буга каршыбыз. Эмчек залал шишигине кабылган аялга кош бойлуулук зыян, бул, тескерисинче, ооруну күчөтүп жиберет. Бизде ушундай окуя болгон. Бир келин рактын баштапкы стадиясында кош бойлуу болуп, курсагындагы баласы 8,5 ай болгондо бизге кайрылган. Анын бир жак эмчеги капустадай болуп шишип кетиптир. Төртүнчү стадия деген диагноз коюлду. Шишик өсүп, кан, ириң агып, жыттанып, оорусу чыдатпай калганда гана бизге кайрылыптыр. Бул учурда адам өмүрүн сактап калууга мүмкүн эмес. Болгону кан, ириң агып, жагымсыз жыт чыкканын токтотуу үчүн гана эмчекти ампутация кылып салганга болот. Биз баласын жасалма жол менен төрөтүп алып, ушул кадамга бардык. Эгер ал аял бизге ошол нөлдүк стадиясында эле кайрылганда өмүрүн эле эмес, эмчегин да сактап калуу менен операция жүргүзүп, толук сакайып кетишине шарт түзүлмөк. Адатта рак баштапкы стадиясында белгилүү болсо, өмүрдү сактап калууга 100 пайызга чейин кепилдик бере алабыз", — деди Макиева.
Дарыгер аялдарды үйдө деле күзгүнүн астына туруп, көкүрөгүнүн формасына, өңү-түсүнө, үрптөрүнүн бирдейлигине жана кандайдыр бир бездердин пайда болуп калбаганына көз салып турууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0