https://sputnik.kg/20220427/altyn-ken-ishkanasy-mamleketke-149-mln-somdu-kaytaryp-berdi-1063987093.html
УКМК: "Алтын-Кен" ишканасы мамлекетке 149,6 млн. сомду кайтарып берди
УКМК: "Алтын-Кен" ишканасы мамлекетке 149,6 млн. сомду кайтарып берди
Sputnik Кыргызстан
Атайын кызмат коррупциялык схема аныкталганын айтты. 27.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-27T19:19+0600
2022-04-27T19:19+0600
2022-04-27T19:19+0600
кыргызстан
чүй облусу
"алтын-кен" ишканасы
коррупция
укмк
чыгым
https://sputnik.kg/img/104586/29/1045862916_0:152:1280:872_1920x0_80_0_0_18713a675b723d2ceab054e822b48b0e.jpg
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Чүй облусундагы Талды-Булак Сол жээк алтын кенин иштеткен "Алтын-Кен" ЖЧКсы мамлекетке келтирген 149 миллион 585 миң сом чыгымды кайтарды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.Маалыматка караганда, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жооптуу адамдары тарабынан тоо тектеринин калдыктарынын төлөмдөрүн азайтуу боюнча коррупциялык схема аныкталган.Козголгон кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратура Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын мурдагы директору А.К. айып койгон. Ал "Алтын-Кен" ЖЧКсы жана башка жооптуу адамдар менен сүйлөшүп алып тоо тектеринин калдыктары үчүн бюджетке төлөнүүчү төлөмдүн көлөмүн азайтып келгени айтылды.УКМК чыгымдын суммасын аныктап, ишкана ордун толтуруп бергени кабарланды.
чүй облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104586/29/1045862916_117:0:1280:872_1920x0_80_0_0_28afc815e378562107cfdf8ac0c10c70.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, чүй облусу, "алтын-кен" ишканасы, коррупция, укмк, чыгым
кыргызстан, чүй облусу, "алтын-кен" ишканасы, коррупция, укмк, чыгым
УКМК: "Алтын-Кен" ишканасы мамлекетке 149,6 млн. сомду кайтарып берди
Атайын кызмат коррупциялык схема аныкталганын айтты.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Чүй облусундагы Талды-Булак Сол жээк алтын кенин иштеткен "Алтын-Кен" ЖЧКсы мамлекетке келтирген 149 миллион 585 миң сом чыгымды кайтарды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жооптуу адамдары тарабынан тоо тектеринин калдыктарынын төлөмдөрүн азайтуу боюнча коррупциялык схема аныкталган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратура Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын мурдагы директору А.К. айып койгон. Ал "Алтын-Кен" ЖЧКсы жана башка жооптуу адамдар менен сүйлөшүп алып тоо тектеринин калдыктары үчүн бюджетке төлөнүүчү төлөмдүн көлөмүн азайтып келгени айтылды.
УКМК чыгымдын суммасын аныктап, ишкана ордун толтуруп бергени кабарланды.