https://sputnik.kg/20220507/kyrgyz-kurosh-respublikalyk-turnir-otot-1064197310.html
Спорт ордосунда 9-май күнү кыргыз күрөшү боюнча республикалык турнир өтөт
Спорт ордосунда 9-май күнү кыргыз күрөшү боюнча республикалык турнир өтөт
Sputnik Кыргызстан
Мелдеш Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналат. 07.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-07T09:20+0600
2022-05-07T09:20+0600
2022-05-07T09:20+0600
кыргызстан
спорт
кыргыз күрөш
самат садыков
https://sputnik.kg/img/104489/37/1044893731_0:0:2480:1395_1920x0_80_0_0_e61713f4a9579e13fccfd26f0dc1225c.jpg
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 8-9-май күндөрү кыргыз күрөшү боюнча республикалык турнир өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.Мелдешти Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция жана Классикалык кыргыз күрөш федерациясы уюштурууда. Ал Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган.8-майда саат 15:00дөн 19:00гө чейин тандоо турлары, 9-майда саат 10:00дө күрөш башталат.Самат Садыков 1943-жылы 23 жашында Улуу Ата Мекендик согушка кетип, пулемётчу позициясында душмандын мизин кайтарган бир канча эрдиктерди жасаган. 1945-жылы 1-май күнү Берлин операциясындагы салгылашта курман болгон.Көзү өткөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы, Ленин ордени, Алтын жылдыз медалы, Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени ыйгарылган.Садыковдун кичи мекени Лейлек районундагы Кара-Сай айылынын аталышы Самат деп өзгөртүлүп, ошондой эле мектепке да ысымы берилген.
https://sputnik.kg/20220506/bishkek-estutum-estafetasy-otot-1064190413.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104489/37/1044893731_209:0:2480:1703_1920x0_80_0_0_b4fbf9198b3d2ebda1697711a90b13a5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, спорт, кыргыз күрөш, самат садыков
кыргызстан, спорт, кыргыз күрөш, самат садыков
Спорт ордосунда 9-май күнү кыргыз күрөшү боюнча республикалык турнир өтөт
Мелдеш Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналат.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 8-9-май күндөрү кыргыз күрөшү боюнча республикалык турнир өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Мелдешти Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция жана Классикалык кыргыз күрөш федерациясы уюштурууда. Ал Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган.
8-майда саат 15:00дөн 19:00гө чейин тандоо турлары, 9-майда саат 10:00дө күрөш башталат.
Самат Садыков 1943-жылы 23 жашында Улуу Ата Мекендик согушка кетип, пулемётчу позициясында душмандын мизин кайтарган бир канча эрдиктерди жасаган. 1945-жылы 1-май күнү Берлин операциясындагы салгылашта курман болгон.
Көзү өткөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы, Ленин ордени, Алтын жылдыз медалы, Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени ыйгарылган.
Садыковдун кичи мекени Лейлек районундагы Кара-Сай айылынын аталышы Самат деп өзгөртүлүп, ошондой эле мектепке да ысымы берилген.