https://sputnik.kg/20220515/muftiyat-azhylykka-kattoo-uzartyldy-1064418765.html
Эскертүү! Ажыга барчуларды каттоо 17-майга чейин жүргүзүлөт
Эскертүү! Ажыга барчуларды каттоо 17-майга чейин жүргүзүлөт
Sputnik Кыргызстан
Жарандар алгач 4,5 миң долларын банкка төгүп, андан кийин каттоо пунктуларына барып тизмеге кириши керек. 15.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-15T12:45+0600
2022-05-15T12:45+0600
2022-05-15T12:50+0600
кыргызстан
муфтият
ажылык
каттоо
төлөм
https://sputnik.kg/img/07e6/02/07/1061855296_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_9437662674fbc4292150eaf0796b93be.jpg
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ажыга бара тургандарды каттоо 17-майга чейин узартылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.Буга чейин каттоо 6-майдан 11-майга чейин деп белгиленген. Андан кийин 13-майга чейин узартылган. Муфтият жетишпей калгандарга кайра 17-майга чейин убакыт берүүнү чечти.Учурда өлкө аймактарында жалпы 34 каттоо пункту иштеп жатат.Сауд Аравия Падышалыгынын (САП) Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 орун бөлгөн. Ал 2019-2020-жылдары ажылыкка катталып, кезек күтүп турган 65 жаштан төмөн кыргызстандыктарга берилери айтылган. Бирок кийинчерээк бул жашка туура келген Кыргызстандын бардык жарандарына мүмкүнчүлүк каралган.
https://sputnik.kg/20220413/muftiyat-azhylyk-sapar-vakcina-1063621758.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/07/1061855296_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_d7aadd9cd346a0c5fdc8cede8dfeba24.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, муфтият, ажылык, каттоо, төлөм
кыргызстан, муфтият, ажылык, каттоо, төлөм
Эскертүү! Ажыга барчуларды каттоо 17-майга чейин жүргүзүлөт
12:45 15.05.2022 (Жаңыртылды: 12:50 15.05.2022) Жарандар алгач 4,5 миң долларын банкка төгүп, андан кийин каттоо пунктуларына барып тизмеге кириши керек.
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ажыга бара тургандарды каттоо 17-майга чейин узартылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.
Буга чейин каттоо 6-майдан 11-майга чейин деп белгиленген. Андан кийин 13-майга чейин узартылган. Муфтият жетишпей калгандарга кайра 17-майга чейин убакыт берүүнү чечти.
"Жарандар РСК банкынын иш убактысы бүткөнгө чейин 4 500 доллары менен кайтарымсыз 700 сомду төлөшү керек. Андан соң өз аймактарындагы казыяттарга караштуу каттоо пунктуларына барып тизмеге кириши зарыл", — деп жазылган маалыматта.
Учурда өлкө аймактарында жалпы 34 каттоо пункту иштеп жатат.
Сауд Аравия Падышалыгынын (САП) Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 орун бөлгөн. Ал 2019-2020-жылдары ажылыкка катталып, кезек күтүп турган 65 жаштан төмөн кыргызстандыктарга берилери айтылган. Бирок кийинчерээк бул жашка туура келген Кыргызстандын бардык жарандарына
мүмкүнчүлүк каралган.