00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Токаев БАЭге барып көңүл айтып жана жаңы президентти кызматы менен куттуктады

© Фото / официальный сайт Президента КазахстанаКазакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Бириккен Араб Эмирлигине барып, алардын элине, жаңы шайланган президенти Мухаммед ибн Заид Аль Нахайянга жана анын үй-бүлөсүнө шейх Халиф ибн Заид Аль Нахайяндын көз жумганына байланыштуу көңүл айтты
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Бириккен Араб Эмирлигине барып, алардын элине, жаңы шайланган президенти Мухаммед ибн Заид Аль Нахайянга жана анын үй-бүлөсүнө шейх Халиф ибн Заид Аль Нахайяндын көз жумганына байланыштуу көңүл айтты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Жазылуу
Токаев Мухаммед ибн Заид Аль Нахайянды президенттик кызматка келиши менен куттуктап, анын башкаруусунда эмират гүлдөп-өнүгүүсүн улантат деген ишенимин билдирген.
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Бириккен Араб Эмирлигине барып, алардын элине, жаңы шайланган президенти Мухаммед ибн Заид Аль Нахайянга жана анын үй-бүлөсүнө шейх Халиф ибн Заид Аль Нахайяндын көз жумганына байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында Ак Орда билдирди.
Алардын жолугушуусу Абу Дабидеги "Каср Аль Мушриф" президенттик сарайында өткөн.
Токаев Казакстан эли жана өзүнүн атынан көңүл айтып, төмөнкүлөрдү белгилеген.
"Эмираттын ичиндеги жана эл аралык аренадагы көп жетишкендиктер анын ысымы менен байланыштуу. Акылмандык менен башкаруусунан улам БАЭ Жакынкы Чыгышта тынчтык менен туруктуулуктун чечкиндүү тарапкери болуп келди. Андан сырткары, араб дүйнөсүнүн ичинде экономикалык тез өсүүнүн жана социалдык жактан гүлдөп-өнүгүүнүн үлгүсүнө айланды. Анын каза болгондугун БАЭ эле эмес, дүйнө коомчулугу үчүн чоң жоготуу катары кабыл алабыз", — деди Токаев.
Токаев, андан сырткары, Мухаммед ибн Заид Аль Нахайянды президенттик кызматка келиши менен куттуктап, анын башкаруусунда эмират гүлдөп-өнүгүүсүн улантат деген ишенимин билдирген.
"Өз кезегинде БАЭ жетекчиси Казакстан президентине мындай кыйын учурда колдоп келгени үчүн жана шейх Халифтин ысымы Казакстандын борборунда көчөгө берилерине ыраазылыгын билдирди", — деп айтылган маалыматта.
Жолугушуунун соңунда Токаев БАЭ президентин Казакстанга сапар менен келүүгө чакыргандыгын дагы бир ирет бекемдеп, белгилеген.
Эске салсак, БАЭнин мурдагы мамлекет башчысы узакка созулган оорудан улам 13-майда 74 жашында көз жумган. Ал Бириккен Араб Эмирлигин 2004-жылдан бери башкарып келген.
Бириккен Араб Эмирлигинин жаңы президенти болуп борбор калаа Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мухаммед ибн Заид Аль Нахайян шайланган. Ал иш жүзүндө буга чейин эле өлкөнү сегиз жыл башкарып келген. 14-майда аны шайлоо тууралуу чечимди Жогорку федералдык кеңеш кабыл алган.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Садыр Жапаров БАЭ президентинин көз жумганына байланыштуу көңүл айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0