https://sputnik.kg/20220517/bishkekte-ehlektromobilderdin-festivaly-1064473467.html
22-майда Бишкекте электромобилдердин фестивалы өтөт
22-майда Бишкекте электромобилдердин фестивалы өтөт
Sputnik Кыргызстан
Фестивалды уюштурган электр автоунааларын сатуучу компаниялар автокөлүктөр тууралуу айтып, каалоочулар үчүн тест-драйв өткөрүшөт. 17.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-17T14:29+0600
2022-05-17T14:29+0600
2022-05-17T14:29+0600
бишкек
бишкек мэриясы
электромобиль
фестиваль
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/04/1054861634_160:234:2835:1739_1920x0_80_0_0_bb3f61804346c849c10b9134a47dd7d4.jpg
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкекте электромобилдердин фестивалы жана маршы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.Иш-чара 22-майда саат 16:00дөн 21:00гө чейин Ынтымак-2 сейил багында өткөрүлөт. Ал "Жашыл экономика — 2019-2023" программасын иштеп чыгуу жана транспорттун экологиялык таза түрлөрүн жайылтуу максатында уюштурулган.Мэриядан кабарлашкандай, иш-чаранын алкагында Баястан, Айым Айылчиева, Жанат Турушбеков (Jax) жана Rolling Papers музыкалык тобу сыяктуу өнөрпоздордун катышуусунда концерт болмокчу.Марш Токтоналиев, Абдрахманов, Токтогул көчөлөрүндө жана Манас проспектинде өтүп, ага жалпысынан 60ка жакын электр автоунаасын жана 100дөн ашык эковелосипедди колдонуу күтүлүүдө.Фестивалды уюштурган электр автоунааларын сатуучу компаниялар автолор тууралуу айтып, каалоочулар үчүн тест-драйв өткөрүшөт.Муниципалитет бул фестивалдын аркасында коомдогу электр автоунааларына байланышкан стереотиптер менен күрөшүүгө болот деп ишенет.Мисалы, шаарда заряддоочу жайлар жок эмес. Эки-үч саатта электромобилдерди 0 пайыздан 100 пайызга чейин кубаттай турган эки станция бар. Алар Раззаков көчөсү, 32 жана TommiMall соода борборунда жайгашкан. Заманбап электромобилдер бир зарядда 300дөн 1000 чакырымга чейин жол жүрүшөт. Ошондой эле электромобиль менен 100 чакырым жол жүрүүдө болгону 10-50 сом кетет.
https://sputnik.kg/20220517/unaa-toktotuuchu-zhaj-kijim-surot-1064464628.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/04/1054861634_809:0:2835:1519_1920x0_80_0_0_52986ed0328c958d38ef771b51864218.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
бишкек, бишкек мэриясы, электромобиль, фестиваль
бишкек, бишкек мэриясы, электромобиль, фестиваль
22-майда Бишкекте электромобилдердин фестивалы өтөт
Фестивалды уюштурган электр автоунааларын сатуучу компаниялар автокөлүктөр тууралуу айтып, каалоочулар үчүн тест-драйв өткөрүшөт.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкекте электромобилдердин фестивалы жана маршы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Иш-чара 22-майда саат 16:00дөн 21:00гө чейин Ынтымак-2 сейил багында өткөрүлөт. Ал "Жашыл экономика — 2019-2023" программасын иштеп чыгуу жана транспорттун экологиялык таза түрлөрүн жайылтуу максатында уюштурулган.
Мэриядан кабарлашкандай, иш-чаранын алкагында Баястан, Айым Айылчиева, Жанат Турушбеков (Jax) жана Rolling Papers музыкалык тобу сыяктуу өнөрпоздордун катышуусунда концерт болмокчу.
Марш Токтоналиев, Абдрахманов, Токтогул көчөлөрүндө жана Манас проспектинде өтүп, ага жалпысынан 60ка жакын электр автоунаасын жана 100дөн ашык эковелосипедди колдонуу күтүлүүдө.
Фестивалды уюштурган электр автоунааларын сатуучу компаниялар автолор тууралуу айтып, каалоочулар үчүн тест-драйв өткөрүшөт.
Муниципалитет бул фестивалдын аркасында коомдогу электр автоунааларына байланышкан стереотиптер менен күрөшүүгө болот деп ишенет.
Мисалы, шаарда заряддоочу жайлар жок эмес. Эки-үч саатта электромобилдерди 0 пайыздан 100 пайызга чейин кубаттай турган эки станция бар. Алар Раззаков көчөсү, 32 жана TommiMall соода борборунда жайгашкан. Заманбап электромобилдер бир зарядда 300дөн 1000 чакырымга чейин жол жүрүшөт. Ошондой эле электромобиль менен 100 чакырым жол жүрүүдө болгону 10-50 сом кетет.