https://sputnik.kg/20220517/kyrgyzstandyk-bae-koy-etin-eksporttoo-1064467515.html
Кыргызстандык ишкана Бириккен Араб Эмирлигине кой этин экспорттой баштады
Кыргызстандык ишкана Бириккен Араб Эмирлигине кой этин экспорттой баштады
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан барган эт араб өлкөлөрүндө экологиялык таза азык катары бааланары белгиленди. 17.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-17T11:47+0600
2022-05-17T11:47+0600
2022-05-17T11:47+0600
кыргызстан
бириккен араб эмирлиги
койдун эти
экспорт
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0c/1051082418_0:309:3071:2036_1920x0_80_0_0_95d9efd2167f3138612b81803ccf2299.jpg
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстандык "Каспар" ишканасы Бириккен Араб Эмирлигине кой этин экспорттой баштады. Бул туурасында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.Билдирүүгө ылайык, алгачкы макулдашуу боюнча үч этап менен 15 тонна эт жөнөтөт. Ата мекендик компания Дубайдын Климаттык өзгөрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинен каттоодон өтүп, экспортко уруксат алган. Жакынкы аралыкта ай сайын 100дөн 150 тоннага чейин кой этин сатуу пландалууда.Инвестициялар агенттиги Кыргызстандан чыккан эт Бириккен Араб Эмирлигинде экологиялык таза азык катары бааланарын белгиледи. Себеби өлкөдөгү койлор кеминде жарым жыл абасы таза жайыттарда багылат.
https://sputnik.kg/20220512/rossiya-satyp-algan-mykty-10-kyrgyz-tovary-1064336266.html
бириккен араб эмирлиги
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0c/1051082418_164:0:2895:2048_1920x0_80_0_0_8b8d34e28c2e1ece94c9b22d0e6ec7a6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бириккен араб эмирлиги, койдун эти, экспорт
кыргызстан, бириккен араб эмирлиги, койдун эти, экспорт
Кыргызстандык ишкана Бириккен Араб Эмирлигине кой этин экспорттой баштады
Кыргызстандан барган эт араб өлкөлөрүндө экологиялык таза азык катары бааланары белгиленди.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстандык "Каспар" ишканасы Бириккен Араб Эмирлигине кой этин экспорттой баштады. Бул туурасында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, алгачкы макулдашуу боюнча үч этап менен 15 тонна эт жөнөтөт. Ата мекендик компания Дубайдын Климаттык өзгөрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинен каттоодон өтүп, экспортко уруксат алган. Жакынкы аралыкта ай сайын 100дөн 150 тоннага чейин кой этин сатуу пландалууда.
Инвестициялар агенттиги Кыргызстандан чыккан эт Бириккен Араб Эмирлигинде экологиялык таза азык катары бааланарын белгиледи. Себеби өлкөдөгү койлор кеминде жарым жыл абасы таза жайыттарда багылат.