https://sputnik.kg/20220517/uch-okuuchu-mugalim-oorukana-1064485289.html
Чаткалдагы мектеп кырсыгы. Мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды
Чаткалдагы мектеп кырсыгы. Мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды
Sputnik Кыргызстан
Ооруканага жаткырылгандардын коркуп калганы айтылып, аларга "стресс алган" деген диагноз коюлган. 17.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-17T20:18+0600
2022-05-17T20:18+0600
2022-05-17T20:47+0600
кыргызстан
жалал-абад облусу
окуучулар
мектеп
кырсык
окуялар
https://sputnik.kg/img/101829/34/1018293422_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_e47896f2cab2f4e1d6d05620be641c57.jpg
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептеги кырсыктан улам мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Замира Орунбаеванын айтымына таянып министрликтин маалымат кызматы кабарлады.Ага ылайык, Ала-Бука райондук жалпы дарыгердик практика борборуна 16 адам жеткирилген.Эске салсак, буга чейин ӨКМ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин шыбы урап түшкөнүн кабарлаган. Ал жактагы 16 окуучу менен бир мугалим коопсуз жайга чыгарылып, Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлгөнү белгиленген.Бул окуядан улам министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыйын өткөрүп, өлкөдөгү бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелеринин имараттарынын техникалык абалын текшерүүнү тапшырды.
https://sputnik.kg/20220516/imarttyn-dubaly-urap-tushtu-1064438162.html
жалал-абад облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101829/34/1018293422_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_277143f6964cf68ad28228cd2009d387.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жалал-абад облусу, окуучулар, мектеп, кырсык, окуялар
кыргызстан, жалал-абад облусу, окуучулар, мектеп, кырсык, окуялар
Чаткалдагы мектеп кырсыгы. Мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды
20:18 17.05.2022 (Жаңыртылды: 20:47 17.05.2022) Ооруканага жаткырылгандардын коркуп калганы айтылып, аларга "стресс алган" деген диагноз коюлган.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептеги кырсыктан улам мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Замира Орунбаеванын айтымына таянып министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Ала-Бука райондук жалпы дарыгердик практика борборуна 16 адам жеткирилген.
"Медициналык текшерүүдөн кийин коркуп калгандыктан жана стресс алгандыктан бир мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин ӨКМ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин
шыбы урап түшкөнүн кабарлаган. Ал жактагы 16 окуучу менен бир мугалим коопсуз жайга чыгарылып, Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлгөнү белгиленген.
Бул окуядан улам министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыйын өткөрүп, өлкөдөгү бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелеринин имараттарынын
техникалык абалын текшерүүнү тапшырды.