https://sputnik.kg/20220518/turkiya-finlyandiya-shveciya-nato-1064511193.html
Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөргө бөгөт койду
Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөргө бөгөт койду
Sputnik Кыргызстан
Анкаранын каршылыгы добуш берүүнү токтотту. 18.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-18T21:48+0600
2022-05-18T21:48+0600
2022-05-18T21:51+0600
дүйнөдө
саясат
түркия
финляндия
швеция
нато
каршылык
https://sputnik.kg/img/104423/69/1044236902_0:172:3016:1869_1920x0_80_0_0_63b6ba2550ced28301e56561fa3a48d1.jpg
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүү өтүнүчтөрүн кароого бөгөт койду. Бул тууралуу Financial Times басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.Шаршемби күнү НАТОнун элчилери Финляндия менен Швеция арыз берген күнү кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн жолугушту. Бирок Анкара өзүнүн каршылыгы менен жалпы добуш берүүнү токтотту.Бул альянстын Скандинавия өлкөлөрүнүн арызынын биринчи этабын дагы бир-эки жуманын ичинде карай албашы мүмкүн дегенди түшүндүрөт.НАТОго мүчө бардык 30 өлкө аларды ратификациялоого тийиш. Бирок процесс блок кабыл алуу протоколун чыгарганда жана бул өлкөлөрдү альянска кошулууга расмий түрдө чакыргандан кийин гана башталышы мүмкүн.Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Швеция менен Финляндиянын аскерий блокко кошулушун колдой албасын, анткени бул учурда уюм “террорчулардын өкүлдөрү көп турган жерге” айланып каларын билдирген.Эске салсак, 15-майда Швеция менен Финляндия Түндүк Атлантика альянсына кире турганы боюнча биринин артынан экинчиси маалымат таратты. Бирок буга НАТОго мүчө болгон бир катар өлкөлөр, анын ичинен Италия нааразылыгын, Түркия каршы экендигин билдирген.Стокгольм менен Хельсинки көп жылдык нейтралдуулуктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеп кыла баштаган эле. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген. АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Жулиан Смиттин айтымында, уюм Швеция менен Финляндия жакынкы айларда же жумада альянска кирүү боюнча өз алдынча чечим чыгарат деп күтүүдө. Ал эми Кошмо Штаттар бул мамлекеттердин НАТОго кошулуу чечимин колдой турганын кошумчалаган.Россия эки өлкөнүн НАТОго кошулушун колдобойт. РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эгер бул нерсе ишке аша турган болсо, чек араны бекемдөөгө туура келерин айткан. Себеби альянстын Россия менен болгон кургактагы чек арасы эки эсе узаргандыктан Москва НАТОнун агрессивдүү аракеттерине даяр турушу керек болот.
https://sputnik.kg/20220518/turkiya-finlyandiya-shetsiyanyn-natogo-kirishi-uchun-sanktsiyalardy-aluunu-talap-kyluuda-1064492021.html
түркия
финляндия
швеция
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104423/69/1044236902_159:0:2890:2048_1920x0_80_0_0_2cbe35e29bd5e64cdc0749f69484d86f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, саясат, түркия, финляндия, швеция, нато, каршылык
дүйнөдө, саясат, түркия, финляндия, швеция, нато, каршылык
Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөргө бөгөт койду
21:48 18.05.2022 (Жаңыртылды: 21:51 18.05.2022) Анкаранын каршылыгы добуш берүүнү токтотту.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүү өтүнүчтөрүн кароого бөгөт койду. Бул тууралуу Financial Times басылмасына шилтеме берип
РИА Новости жазды.
Шаршемби күнү НАТОнун элчилери Финляндия менен Швеция арыз берген күнү кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн жолугушту. Бирок Анкара өзүнүн каршылыгы менен жалпы добуш берүүнү токтотту.
Бул альянстын Скандинавия өлкөлөрүнүн арызынын биринчи этабын дагы бир-эки жуманын ичинде карай албашы мүмкүн дегенди түшүндүрөт.
НАТОго мүчө бардык 30 өлкө аларды ратификациялоого тийиш. Бирок процесс блок кабыл алуу протоколун чыгарганда жана бул өлкөлөрдү альянска кошулууга расмий түрдө чакыргандан кийин гана башталышы мүмкүн.
Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Швеция менен Финляндиянын аскерий блокко кошулушун
колдой албасын, анткени бул учурда уюм “террорчулардын өкүлдөрү көп турган жерге” айланып каларын билдирген.
Эске салсак, 15-майда Швеция менен Финляндия Түндүк Атлантика альянсына кире турганы боюнча биринин артынан экинчиси маалымат таратты. Бирок буга НАТОго мүчө болгон бир катар өлкөлөр, анын ичинен Италия нааразылыгын, Түркия
каршы экендигин билдирген.Стокгольм менен Хельсинки көп жылдык нейтралдуулуктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеп кыла баштаган эле. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген. АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Жулиан Смиттин айтымында, уюм Швеция менен Финляндия жакынкы айларда же жумада альянска кирүү боюнча өз алдынча чечим чыгарат деп күтүүдө. Ал эми Кошмо Штаттар бул мамлекеттердин НАТОго кошулуу чечимин колдой турганын кошумчалаган.
Россия эки өлкөнүн НАТОго кошулушун колдобойт. РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эгер бул нерсе ишке аша турган болсо, чек араны бекемдөөгө туура келерин айткан. Себеби альянстын Россия менен болгон кургактагы чек арасы эки эсе узаргандыктан Москва НАТОнун агрессивдүү аракеттерине даяр турушу керек болот.