00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинОш облусундагы талаа. Архивдик сүрөт
Ош облусундагы талаа. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2022
Жазылуу
Апта ичинде өлкө аймагында жамгыр нөшөрлөп жаабайт, кээ бир райондордо өткүн өтүп гана басылары айтылды.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында дүйшөмбүдө түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүзү ачылат. Шейшембиден бейшембиге чейин жамгыр жаабайт. Жума жана ишемби күндөрү өткүн өтүшү мүмкүн.

Чүй облусу

23үнөн 25-майга чейин тоолуу райондордо өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 26-27-майда күн ачылат. 28-майда кээ бир райондордо жамгыр себелейт.

Талас облусу

23үнөн 26-майга чейин тоолуу райондордо өткүн өтүп, бирок дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. 27-28-майда күн ачык болот.

Ош, Жалал-Абад облустары

23үнөн 26-майга чейин тоолуу райондордо өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. 27-28-май күндөрү кээ бир аймактарда гана өткүн өтөрү айтылды.

Баткен облусу

23-24-майда жаан-чачын күтүлбөйт. 25-майда күндүн көзү бузулуп, 26-майга чейин эки күн тоолуу райондордо өткүн өтөт. Ал эми 27-28-майда кээ бир жерлерде жамгыр себелейт.

Ысык-Көл, Нарын облустары

23-майда кээ бир аймактарда жамгыр жаап, 24-майда өткүн өтүп токтойт.
25-26-майда тоолуу райондордо өткүн өтүп, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 27-28-майда кээ бир жерлерде жамгыр жаап өтөт.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2022
Ысык болобу? Июнь айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0