https://sputnik.kg/20220528/atambaev-bashka-oorukana-zhaktoochu-1064779095.html
Алмазбек Атамбаев менчик клиникага которулдубу? Жактоочунун жообу
Алмазбек Атамбаев менчик клиникага которулдубу? Жактоочунун жообу
Sputnik Кыргызстан
Социалдык тармакка Атамбаевдин менчик медициналык клиниканын алдында турган сүрөттөрү чыккан. 28.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-28T17:23+0600
2022-05-28T17:23+0600
2022-05-28T17:24+0600
кыргызстан
алмазбек атамбаев
оорукана
менчик
клиника
https://sputnik.kg/img/104596/63/1045966387_0:0:2890:1626_1920x0_80_0_0_e247e41040445c9b0210639fbd70fc42.jpg
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология борборунан жеке менчик клиникага которулган жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.Буга чейин айрым ЖМКлар Атамбаевдин менчик клиникага которулганын жазып чыгышкан. Ошондой эле социалдык тармакка анын менчик медициналык клиниканын алдында турган сүрөттөрү чыккан.25-майда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начарлаганына байланыштуу Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылганы айтылган.Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев буга чейин башка адистерди тартууну талап кылып, абактагы ооруканада кароодон өтпөй койгон. Ден соолугу начарлаганын айтып сот жараянына катышуудан да баш тарткан. Аны мажбурлап алып келгенде чуу салып, бир нече ирет залдан кайра чыгарылган.Саясатчы Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясында болчу. Ага чейин Бишкектеги №47 абактын ооруканасына жатып чыккан.
https://sputnik.kg/20220411/kyrgyzstan-almazbek-atambaev-aynekti-tepkiledi-1063554625.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104596/63/1045966387_159:0:2890:2048_1920x0_80_0_0_d3f5ec53bffaba8194151a8f5f72b581.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, алмазбек атамбаев, оорукана, менчик, клиника
кыргызстан, алмазбек атамбаев, оорукана, менчик, клиника
Алмазбек Атамбаев менчик клиникага которулдубу? Жактоочунун жообу
17:23 28.05.2022 (Жаңыртылды: 17:24 28.05.2022) Социалдык тармакка Атамбаевдин менчик медициналык клиниканын алдында турган сүрөттөрү чыккан.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Мурдагы президент
Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология борборунан жеке менчик клиникага которулган жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Буга чейин айрым ЖМКлар Атамбаевдин менчик клиникага которулганын жазып чыгышкан. Ошондой эле социалдык тармакка анын менчик медициналык клиниканын алдында турган сүрөттөрү чыккан.
25-майда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начарлаганына байланыштуу Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна
жаткырылганы айтылган.
"Атамбаев Улуттук кардиология борборунан башка жакка которулган жок. Болгону аны МРТга тарттыруу үчүн менчик медициналык клиникалардын бирине кыска убакытка алып барышкан. Себеби Кардиология борборунда тиешелүү жабдуу болгон эмес", — деди жактоочу.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев буга чейин башка адистерди тартууну талап кылып, абактагы ооруканада кароодон өтпөй койгон. Ден соолугу начарлаганын айтып сот жараянына катышуудан да баш тарткан. Аны мажбурлап алып келгенде чуу салып, бир нече ирет залдан кайра чыгарылган.
Саясатчы Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясында болчу. Ага чейин Бишкектеги №47 абактын ооруканасына жатып чыккан.