00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Колуңду кезебе, сындырып коём! Ташиев менен Мадумаровдун жаакташкан видеосу

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Жазылуу
Буга чейин ал ушул эле трибунада Мадумаров аткезчилерге "крыша" болуп жаткандыгы тууралуу далили бар экенин билдирген.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстандан аткезчилик жолу менен миңдеген тонна минералдык жер семирткич жана тамак-аш чыгып кетип жаткан. Ага бөгөт коюуга аракет болуп жатканда депутат Адахан Мадумаров УКМК кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылып, стационардык постторго барып, видео тартып жатат. Бул тууралуу парламентте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айтты.
Буга чейин ал ушул эле трибунада Мадумаров аткезчилерге "крыша" болуп жаткандыгы тууралуу далили бар экенин билдирген.
"Мадумаров биздин кызматкерлерди видеого тартып, отчёт алууга аракет кылган. Алар видеого түшпөй басып кетсе, качып кетти деп жатат. Алар качкан жок. Муну менен жаакташып, талашып-тартышып отурбай туура эле кетип калышкан. Анткени биздин кызматкерлердин ишин бир гана прокуратура органдары көзөмөлдөй алат. Депутаттын буга мыйзам боюнча укугу жок", — деди УКМК төрагасы.
Ошондой эле ал Мадумаров тарткан видеодо УКМК кызматкерлери пара алып жатат деп сүйлөп берген кишилердин туугандары өздөрү аткезчилик менен алектенгендер экенин кошумчалады.
Андан соң Адахан Мадумаров төрагага кайрылып, сөз берүүсүн өтүндү. Бирок жалпы добуш менен анын суранычы канааттандырылган жок.
"Мейли бербей койдуңар. Ошондо Камчынын кыйкырган, жалаа жапкан сөздөрү калат дагы, Мадумаровдун үнү угулбай калабы?" — деди депутат.
Ташиев ага дароо жооп кайтарды.
"Аз сүйлөш керек, тилим бар деп эле сүйлөй бербей. Колуңду кезебе, сындырып коём. Дагы жакшы, өткөндө депутаттар макулдугун бербей, камалбай калдың. Мен прокурор болгондо эчак камалмаксың, азыр да кеч эмес. Булар мамлекетте чоң тополоң уюштуруп, бийликти алууга аракет кылып жатышат. Жакындары Адахан аке бийликке келет деп сүйлөп отургандары боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүүдө. Жакында бир тууганыңды камасак, дагы кыйкырып чыгасың", — деди ал.
Ал эми Мадумаров төрагага кайрылып, Ташиевдин микрофону тынымсыз иштеп жатканына нааразы болду.
"Мени баарына "крыша" болду деп айыптап жатасыңар. "Крыша" болуп жаткандарды четинен камагыла", — деди Мадумаров.
Мындан соң Ташиев Мадумаровдун жакында камаларын айтса, депутат "колуңдан келбейт" деп жооп берди.
Күйүүчү май ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Ташиев: Баткен аркылуу келген күйүүчү май аткезчилиги дээрлик токтоду
Жаңылыктар түрмөгү
0