00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баткенде жарадар болгон жоокерлерди Бишкекке алып кетебиз. Ташиевдин видеосу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Жазылуу
УКМК төрагасы чек арадагы абал туруктуу экенин айткан.
БИШКЕК, 3-июн.— Sputnik. Баткендеги чек ара чырынан жарадар болгон жоокерлерди Бишкекке алып кетүү үчүн атайын учак менен келдик. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал бүгүн Баткен облусуна барып, жарадар болгон эки жоокердин абалынан кабар алган.
"Бүгүн, 3-июнь күнү, Булак-Башы жерлигиндеги тажик тарап менен болгон чырдан эки жоокерибиз жаракат алган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен алардын абалынан кабар алуу үчүн келдим. Бишкектен ондогон дарыгерди алып келдик. Алар консилиум өткөргөн соң эки аскерди Бишкекке алып кетүүгө аракет кылабыз. Ошол себептен атайын учак менен келдик", — деди Ташиев.
УКМК төрагасы чек арадагы абал туруктуу экенин айтып, башка чек ара постторундагы жоокерлер кадимки тартипте иштөөгө өтө баштаганын кошумчалады.
"Тажик тарап менен сүйлөшүү болду. Жаңжал жайлоо талашынан чыккан. Азыркы күндө баары жакшы. Ал жак жайлоо болгондуктан, аскер техникасы кире алган жок. Бирок кайсы бир деңгээлде алып барганга аргасыз болгонбуз. Бардык техника артка кайтты. Кооптонууга негиз жок. Башкы тапшырма жоокерлердин өмүрүн сактап калуу", — деди Ташиев.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги жаракат алгандардын биринин абалы өтө оор экенин, бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганын айткан. Ал эми экинчисинин абалы орто деп бааланды.
Эске салсак, чек ара аймагында атышуу бүгүн, 3-июнда, түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп, Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн. Талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномёт колдонгон. Буга чейин окуя болгон жерде эки тараптан тең жаракат алгандар бар экени айтылган. Кыргыз тараптан эки жоокер жарадар болгон.
Кыргызстандын жана Тажикстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөштү. Жыйынтыгы
Жаңылыктар түрмөгү
0