00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Максимальный репост
100 миллионов долларов! Россия продолжает оказывать КР продовольственную помощь
16:04
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Без патентов: какие изменения ждут предпринимателей в торговле?
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Казакстан: Конституцияны өзгөртүүгө шайлоочулардын 77,18%ы макул болду

© Sputnik / Илья ПиталевКазакстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүүнү референдумунда добуш берип жаткан жаран
Казакстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүүнү референдумунда добуш берип жаткан жаран - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2022
Жазылуу
Добуш берүү 5-июнда өттү. Анда өлкөнүн башкаруу системасын реформалоо маселеси каралды.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Казакстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүүнү референдумда шайлоочулардын 77,18 пайызы колдоду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдировго шилтеме берип Sputnik Казакстан агеттиги жазды.
"Республикалык референдумга коюлган маселенин оң жагына чечилиши үчүн шайлоочулардын 77,18 пайызы добуш берди. Бул 6 миллион 163 миң 863 адам", — деди Абдиров.
Добуш берүү 5-июнда өттү. Казакстандын мыйзамдарына ылайык, Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду кабыл алуу үчүн облустардын, республикалык маанидеги шаарлардын жана облустардын үчтөн эки бөлүгү колдоп бериши керек. Жалпысынан өлкөдө 17 аймак бар, анын ичинде 14 облус, борбор жана республикалык маанидеги эки шаар камтылган.
Борбордук шайлоо комиссиясы мурдараак маалымдагандай, республикада жайгашкан бардык шайлоо участкалары жабылгандан кийин референдумга шайлоочулардын катышуусу алдын ала маалыматтар боюнча 68,44 пайызды түзгөн. Изилдөө борборлору жүргүзгөн экзит-поллдун жыйынтыгында Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү шайлоочулардын 74,8-79,4 пайызы колдогон.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын январындагы төңкөрүш аракети өлкөнү эртерээк саясий модернизациялоо зарылдыгын тастыктаганын, ага байланыштуу бийлик негизги мыйзамга өзгөртүүлөрдү референдумга алып чыкканын билдирген.
Баш мыйзамды өзгөртүүдө "суперпрезиденттик" башкаруу формасынан таасирдүү парламенти жана отчет бере турган өкмөтү бар президенттик республикага толугу менен өтүү камтылган. Конституциялык реформа бийлик бутактарынын тең салмактуулугун күчөтүп, маслахаттын субъективдүүлүгүн жогорулатмакчы.
Мындан тышкары, президенттин бийликте турган мезгилинде саясий партияларга мүчө болуусуна тыюу салынат. Ушундай эле талаптар БШКнын төрагаларына жана мүчөлөрүнө, эсептөө комиссиясына, облус башчыларына жана алардын орун басарларына да коюлат. Түзөтүүлөрдө президенттин жакын туугандарына мамлекеттик түзүмдөрдө жетекчилик кызматтарды ээлөөсүнө тыюу салуу да белгиленген.
Айрым түзөтүүлөр жарандардын укуктарын жана эркиндигин сактоого, анын ичинде конституциялык сотту түзүүгө, акыйкатчынын статусун конституциялык деңгээлде бекемдөөгө, өлүм жазасына эч кандай шартсыз тыюу салууга багытталган. Кошумчалай кетсек, жаңыланган Конституциядан өлкөнүн биринчи президентинин статусуна, ыйгарым укуктарына жана артыкчылыктарына шилтемелер алып салынат.
Казакстандагы референдумда добуш берип жаткан жаран - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2022
Башкы катчы: ШКУ Казакстандагы референдумду ачык, таза өттү деп тапты
Жаңылыктар түрмөгү
0