00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Индиянын Кыргызстанда Йога борборун ачуу ниети бар. Министрлердин жолугушуусу

© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Индиянын ТИМ башчысы Минакши Лекхи менен жолугушту
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Индиянын ТИМ башчысы Минакши Лекхи менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2022
Жазылуу
ТИМ башчысы Индиянын Борбордук Азия өлкөлөрү менен, анын ичинде Индия — Борбор Азия диалогунун алкагында кызматташууну активдештирүүгө жасаган аракеттерин колдоп кубаттаган.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Индиянын ТИМ башчысы Минакши Лекхи менен жолугушканын министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Министр Кулубаев Минакши Лекхи айымды Индиянын мамлекеттик министри активдүү мүчөсү болгон башкаруучу Бхаратия Жаната партиясынын жемиштүү ишинин сегиз жылдыгы менен куттуктады.
© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Индиянын ТИМ башчысы Минакши Лекхи менен жолугушту
Рабочий визит МИД Индии Минакши Лекхи в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2022
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Индиянын ТИМ башчысы Минакши Лекхи менен жолугушту
Ал ошондой эле Индиянын бай жана байыркы маданиятын белгилеп, индия тараптын Кыргызстанда Йога борборун ачуу ниетин кубаттап, индиялык делегациясын жыл сайын 21-июнда дүйнөдө белгиленүүчү Эл аралык йога күнү менен куттуктады.
"Кулубаев кыргыз-индия мамилелери достук жана жакшы маанайда өнүгүп, биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатканын баса белгиледи. Ал ошондой эле президент Садыр Жапаров менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 2021-жылдын ноябрь айында Глазго шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынын алкагында жолугуп, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды өткөрүү боюнча макулдашканын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
ТИМ башчысы Индиянын Борбордук Азия өлкөлөрү менен, анын ичинде Индия — Борбор Азия диалогунун алкагында кызматташууну активдештирүүгө жасаган аракеттерин колдоп кубаттаган.
Өз кезегинде Минакши Лекхи айым эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалап, Индия тараптын Кыргызстанда түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.
Медицина жана туризм тармагындагы өз ара кызматташууга, ошондой эле Кыргызстанда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө социалдык өнүктүрүүгө багытталган гранттык жардам долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттарында, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу аркылуу кыргыз-индия мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүү багытын улантууну макулдашты.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2022
Аба каттамын ачуу, импорт, жол. Кыргызстан менен Кытайдын ТИМ башчылары жолукту
Жаңылыктар түрмөгү
0